"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

УКМК жоюлган уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады

УКМКнын уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзгөн иштеринин аркасында Камчы Асанбектин (Көлбаев) жоюлган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Т.Ж.Ж. кармалды. Ошондой эле  М.Н.К. аттуу жаран да топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен колго түшүрүлдү. Алар тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.