УКМК Бишкек шаарындагы тигүү цехинде мыйзамсыз иштеп жүргөн 20 чет элдик жаранды аныктады. Алар тиешелүү уруксат кагаздарысыз иштеп жүрүшкөн.
Текшерүүдө цехти ижарага алган ишкер өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөткөн жаранга акча берип, мигранттарды мыйзамдаштырууга көмөк сураганы белгилүү болду. Бирок кийинчерээк анын УКМК менен эч байланышы жок экени, буга чейин кызматтан бошотулганы аныкталды.
Жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

