Бүгүн, 17-ноябрда Кайыңды шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имараты расмий ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты салтанаттуу ачуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Панфилов районунун акими Б.Масаидов, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.