"Эркин-Тоо"

Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан кыргызстандык кармалды

Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталды.

Ал 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштөө үчүн барып, ал РФнын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Украинанын аймагында Россиянын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган “Вагнер” жеке аскердик компания өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышса же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтсө мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Пример HTML-страницы