Украинанын өкмөтүнүн сайтына киберчабуул жасалды

Украинанын өкмөтүнүн сайтына 13-январдан 14-январга караган түнү киберчабуул жасалды. Маалыматка ылайык, белгисиз чабуулчулар расмий веб-баракчаны талкалап кирип, ага украин, орус жана поляк тилдеринде коркутуу мүнөздөгү тексттерди жайгаштырышкан.

Чабуулдун натыйжасында, өкмөттүк сайт, тышкы иштер министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин, спорт  министрлигинин жана башка бир катар ведомстволордун сайттары иштен чыгарылган.

Мындан тышкары https://diia.gov.ua/ мамлекеттик сайты дагы иштебей калган. Санариптик трансформация министрлигинин берген маалыматы боюнча, жеке маалыматтарга чабуул болгон эмес.

Учурда сайттарды калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп, Украинанын коопсуздук кызматы, Киберполиция ошондой эле атайы кызматтар чалгындоо жана иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Чабуулдун артында кимдер турат азырынча белгисиз.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст