Башкы прокуратура тарабынан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 га жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Ошол убакыттан бери 200 млн сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен.
Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актыларынын негизинде мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылып, 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган академия КР “КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы токтотулган. Академиянын студенттерин башка окуу жайларга которуу маселеси каралууда.