"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Улан Ниязбеков: «Чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат»

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта өлкөдөгү унаа жолдорунда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Министр белгилегендей, Бишкек – Ысык-Көл, Бишкек – Ош жана Торугарт унаа жолдорунда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө айдоочулардын эрежелерди одоно бузганы себеп болууда. Эми мыйзам бузгандар кайрадан сынак тапшырууга милдеттендирилет.

«Шашпай бара жаткан айдоочулар оң тилкени, ылдам жүргөндөр сол тилкени тандап, жолдо жүрүү маданиятын сакташы керек. 1-сентябрдан тартып, Президенттин жарлыгынын негизинде чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан сынак тапшырышат», — деди Ниязбеков.