Улан Омоканович, Сизди жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров кабыл алды. Сизге жана ИИМ алдына кандай негизги тапшырмаларды койду?
— Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууну, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана калк менен өз ара аракеттенүү иштерин жакшыртуу керектигине өзгөчө басым жасады. Ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү ар тараптуу күчөтүүнү, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралардын заманбап ыкмаларын пайдалануу менен күчөтүүнүн, ошондой эле укук тартибин жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Президент Садыр Жапаров коомдук коопсуздукту чыңдоого, ички иштер органдарынын инфраструктурасын ар тараптуу жана заманбап технологиялардын жардамы менен өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.
Президент койгон тапшырмаларды аткаруу багытында иш пландарыбызды аныктап, жыл жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда негизги урунттуу учурларын коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, элге сервистик кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүү болгон милициянын бардык жетекчилеринин алдына тапшырмалар коюлду.
— Ички иштер органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүн жакын арада эле жыйынтыктадыңыздар. Өткөн жыл ичинде кандай ийгиликтерге жетише алдыңыздар?
— Ички иштер министрлиги 2024-жылы республиканын бардык аймактарында коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, калкыбызга сапаттуу тейлөө көрсөтүп, эл арасында резонанс жараткан окуяларды болтурбоо, ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртып, өнүктүрүү жана башка бардык багыттар боюнча ири масштабдуу иш-чараларды өткөрдү.
Кыргыз милициясы – кайсы гана мезгил болбосун, коомго ак кызматын аркалап, элибиздин коопсуз жашоосу баарынан маанилүү экендигин ачыктап, калкыбыздын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга жетише алдык. Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө чукул бурулуштарды жасап, заманбап санарип тармагы аркылуу өтө актуалдуу жана күнүгө көйгөй жаратып келген бир катар маселелерди чечтик жана мындан ары, дагы ырааты менен чече бермекчибиз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин өлкөбүздө акыркы төрт жыл аралыгында тарыхта кала турган чоң өзгөрүүлөр болду. Мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн бюджеттен баштап, жер-жердеги өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктерине чейин мыкты шарттар түзүлүп, көзгө көрүнөөрлүк миңдеген жакшы иштер жасалды. Ушул өңүттөн алып караганда Ички иштер министрлигинин жамаатынын иш-аракетинин натыйжасында 2024-жылы өлкөбүздө кылмыштуулуктун деңгээли 17 пайызга азайып, катталган кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү төмөндөп, кылмыштардын бетин ачуу позициясы бир кыйла жакшырды. Эл арасында бекем тартипти орнотуу, баарына бирдей болгон укуктук нормаларды туура сактоо, жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, милициянын дараметин жогорулатып, тездик менен ыкчамдыкты калыптандыруу жаатында мыкты иштерди жүргүзүүгө жетише алдык. Заманбап милдеттерди өзүнө камтыган, элибиздин коопсуздугун жаңы көз карашта камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар, жогорку деңгээлдеги коопсуздук системасы ишке кирди. Жарандардын күнүмдүк жашоо турмушуна коркунуч жараткан факторлорго бөгөт коюп, ар түрдүү коркунучтарга каршы туруштук бере ала турган заманбап милициянын ишмердүүлүгүн түздүк. Өздүк курамдын иштөө методикасын жана ыкмаларын жаңылатып, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, ыкчамдык менен тездикти талап кылган система иштеп жатат. Мына ушуга окшогон талыкпаган дагы башка жүздөгөн эмгектердин аркасында, 2020-жылга чейин биздин өлкөбүз коопсуздук жаатында дүйнө жүзү боюнча 71-орунду ээлеп келсе, 2024-жылы 24-орунга көтөрүлдү.
Жыл ичинде 216 кызматкер эң арзан баадагы ипотекалык үйлөр менен камсыз кылынды. Бул иш-чараны дагы улантып, быйылкы жылы бардык региондорго кызматкерлер үчүн жалпысынан 670 батирлүү турак жайлардын курулушу башталды. Буюрса, эки жылда курулуш иштерин толугу менен аяктап, турак жайга муктаж болгон бардык кызматкерлерге таратып берүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары, өздүк курамдын иштөөсүнө ар тараптуу шарттарды түзүп, бир топ материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалып, заманбап технологиялык шаймандар алынып, имараттар курулуп, дагы башка ушул сыяктуу жүздөгөн иштер жасалды.
— 2025-жыл дагы кирип келди, мына ушул жылы Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоодо кандай негизги багыттарда иш алып барат?
— Ички иштер министрлигинин коллегиясында 2025-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына негизги 4 багытта иш алып баруу тапшырмалары коюлду. Биринчи багыт: – Санарип милиция системасын түптөп, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу. Экинчи багыт: — Ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө жаатында курулуш иштерин жүргүзүүнү улантуу. Үчүнчү багыт: — Кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу ишмердигин күчөтүп, элге сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын жакшыртуу максатында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо. Төртүнчү багыт: — Үй-бүлөлүк зомбулуктарга бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды тынымсыз алып баруу. Бул багыттардын баарын “Улуттук пландын”, “Коопсуз өлкө” долбоорунун негизинде жана “Туруктуу коом – татыктуу жашоо” форматы боюнча комплекстүү түрдө ыраттуу ишке ашырабыз.
— Ички иштер органдарынын катарында коррупцияга каршы күрөш кандайча колго алынып жатат?
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга ылайык, коррупцияга шектелип кармалгандарга жаза чаралар күчөтүлүп, мурдагыга караганда бир кыйла катаалдаштырылды. Коррупциялык кылмыштар менен соттолгондор, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда өмүр бою иштей алышпайт. Кайсы гана адам болбосун, коррупциялык кылмышы үчүн кармалса, сөзсүз түрдө камакка алынат жана келтирген чыгымды төлөсө дагы жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөп бүтмөйүнчө боштондукка чыга албайт. Коррупцияга шектелип кармалган адамга карата соттун өкүмү күчүнө кирген учурда, анын үй-бүлөсү, бир туугандары, ата-энеси мамлекеттик кызматтардан бошотулуп, мүлкү конфискация болот. Мындан ары, кайсы бир кызматкер пара алып же бирөөнү пара берүүгө мажбурлап, жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген фактысы аныктала турган болсо, анда түздөн-түз жетекчилери тартип жазасы менен гана кутулуп кетпестен, токтоосуз түрдө ээлеген кызматынан бошотуу чечимин да кабыл алабыз. Бул мыйзамдын негизги максаты – өлкөбүздө коррупциялык көрүнүштөрдү биротоло жок кылуу жана экономикалык өсүп-өнүгүүлөргө кедергисин тийгизип жаткан көрүнүштөргө чекит коюу болуп эсептелет.
— Учурдагы кылмыштуулуктун статистикалык абалына да кыскача токтоло кетсеңиз?…
— Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Алсак, Ички иштер министрлигинин күнү-түнү иштеген тынымсыз ишмердүүлүгүнүн натыйжасында акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69%га азайды. 2024-жыл 12 ай аралыгында ички иштер органдары тарабынан 35 миң 685 кылмыш иши козголгон. Бул бардык укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштердин 92,9 пайызын түзөт. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 12 ай аралыгында 27 миң 64 кылмыштын бети ачылып. Кылмыш бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 70,3 пайызды түзгөн. Кылмыштардын бетин ачуу, аны сапаттуу тергөө жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө.
— Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөн жылы кандай шарттар түзүлдү?
— Алдыбызга койгон тапшырмаларды жана милдеттерди аткарууга мамлекет жетекчилиги тарбынан ынгайлуу шарттарды түзүү аракеттери ар дайым көрүлүп келет. Алсак, акыркы 4 жылда Ички иштер министрлигиндеги башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн нөөмөт кызматтары, айылдык милиция бөлүмчөлөрү, Ички аскерлер, атайын багыттагы полк жана башка кызматтары жалпы жонунан 700дөн ашуун автоунаа каражаттары менен камсыз болушту. Ошондой эле 300гө чукул имараттар курулуп жана капиталдык оңдоо-түзөөдөн өттү. Мисалы, Талас облусунда Башкармалыктын имараты, Чоң-Алай, Жумгал райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн имараттары, Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарында кырдаалдык борборлор, облустарда жана Бишкек, Ош шаарларындагы салынган шаардык жана айылдык милиция бөлүмчөлөрү, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында бала бакчалар, ички аскерлерге тиешелүү салынган имараттар курулуп ишке берилди. Бул тизмени дагы уланта берсе болот.
Милиция кызматкерлеринин айлыгын Президентибиздин колдоосу менен жакшы деңгээлге көтөрүп алдык. Былтыр ардагерлерибиздин пенсиясы жалпы Кыргыз Республикасындагы бардык аскер ардагерлери менен биргеликте көтөрүлдү. Быйылкы жылы дагы жүздөгөн имараттарды куруп, ыкчам-кызматтык мүчүлүштүктөрдү толугу менен чечип, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүп, материалдык-техникалык базаны бекемдеп, ченемдик-укуктук актыларды күчтөндүрөбүз. Катарыбызда кызматын өтөп жаткан күжүрмөн кызматкерлерибизди жана ардагерлерибизди ар тараптан колдоо багытында быйыл дагы бир катар маанилүү жана өтө маанилүү иштерди колго алабыз.
— Жол кырсыктары учурдун негизги көйгөйүнө айланып барат. Мына ушул багытта Ички иштер министрлигинин жол кыймылын тейлеген атайын кызматтарынын ишине кандай баа бересиз?
— Жол кырсыктарын азайтуу боюнча жүздөгөн маанилүү иш-чаралардын жүргүзүлүп жатканы менен алардын айрымдары гана өз натыйжасын берип жаткандыгы өткөн коллегияда баса белгиленди. Жол кырсыктарынын санын азайтуу тапшырмасы толук аткарылган жок. Унаа кырсыктарын болтурбоо жаатында, ондогон актуалдуу кемчиликтер бар. Жол пропагандасынан баштап, айдоочулардын тартибине чейин чечилбей келе жаткан көйгөйлөр да жок эмес. Айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчиликтерин күчөтүү максатында иш-чаралардын абалы төмөн. Алардын негизги кемчиликтерин аныктап жана ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгына бул багытта иштерди күчөтүү максатында тапшырмалар берилди. Алар: жол кырсыктарына бөгөт коюунун башкы багыты, профилактикалык жана пропагандалык ишмердик болуп эсептелгендиктен, ар бир шаар, облус, район боюнча даректүү талдоолорду жүргүзүү. Анын негизинде, жер-жердеги ички иштер башкармалыктары менен “Биргелешкен комплекстүү” план иштеп чыгып, конкреттүү кадамдарды көрсөтүшү керек. Ал пландын негизги максаты – унаа кырсыктарын болтурбоо, адам өлүмү жана жаракат алуусу менен коштолгон кырсыктарды азайтуу, ички иштер органдарынын ушул багытта иштеген кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү жана келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүү болуп саналат. Жол эрежелерин сактоо ар бир айдоочунун, ар бир жөө жүргүнчүнүн түбөлүктүү негизги милдеттери болуп калууга тийиш.
Маектешкен Наралы Асанбаев