Улан Турдалиев: “Кыргыз тил-ак боз аргымак, А, сөздөр учкул туяктар”

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу Улан ТУРДАЛИЕВ:

Кыргыз тил-ак боз аргымак

А, сөздөр учкул туяктар”

Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Андыктан, ар бир кыргыз жараны улутун, эли-жерин сүйүп,  өз тилине күйсө гана тилибиз кор болбойт. Учурдагы улуттук тилибиздин абалы, аны өнүктүрүүнүн жолдору туурасында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу Улан Турдалиев менен маек курдук. Анда кеп башынан болсун.  

— Улан мырза, айтсаңыз, мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири болгон, улуттун өз ара карым-катышын, байланышын, пикир алышуусун тейлеген тилибиздин учурдагы абалына филолог катары кандай баа бересиз?

— “Тил-улуттун жаны” деген накыл тегин жерден айтылбаган чыгар. Ар бир улуттун улуулугу, уюган тарыхы, көөнөрбөс мурасы ошол элдин тили аркылуу чагылдырылат. Ал аркылуу башка элдер тааныйт, өзгөчөлүгүнө таңыркайт, кереметине суктанат. Бул жагынан алганда кыргыз тили көптөгөн тилдердин алдыңкы сабында десек болот. Эч бир элде жок өзгөчөлүктөргө бай экенин да бир топ далилдер менен баса белгилеп, сыймыктануу менен айта алабыз. Теңдешсиз “Манас” эпосун жараткан, ааламга Ч.Айтматовду тааныткан, төгөрөгүн төп кылып төкмөлөрдү сайраткан тил кантип тилдер мейкининде өз ордун таппасын. Өңгө өгөйлөсө да өзүбүз ага жол бербешибиз керек. Бизде кыргыз тилинде айтсаң көңүл буруп маани да бербейт. Башка улуттун тилинде айтсаң ошол эле ойлорго ынанып, ал тилге басым жасаган учурлар көп. Бул эми өзүбүздүн улуттук тилге болгон мамилебиз. “Кыргыз тили-илимдин тили эмес” деп жээригендер болгон. Адабий айдыңдан алып караганда “Манас таануу” илиминде ар бир сөздүн түбүнө түнөп изилдеген С.Байгазиев, Айтматовдун адабий бейнесин тереңден талдаган  К.Асаналиев, Алыкулдун жаңычыл акын экенин таамай белгилеген С.Жигитовдор илимий негизде бутага алган темаларын кыргыз тилинде ачып берип жатпайбы. Кантип анан илим жазганга болбойт деп айтабыз. Тилибизге болгон мындай мамилени, көз караштарыбызды өзгөртүшүбүз керек. Кезинде ураан чакырып тилге жапатырмак киришип жаткандай таасир калтырганыбыз менен көзгө толор натыйжаны көрө алган жокмун. Тилибиздин учурдагы абалын коомдук жерлердеги пикир алышуулар, трибуналардагы сүйлөнүп жаткан сөздөр эле аныктап жатпайбы. Демек, ар бир адам өзүнөн баштаганы жөндүү.

Негизинен улуттук тил оозеки жана жазуу формасында кеңири жайылат. Тилдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн эмнеге басым жасашыбыз абзел? Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын башатында зор тарыхый-саясий окуя деп 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды” айтууга болот. 33 жылдан бери мамлекеттик тил тууралуу мыйзам бир нече жолу өзгөртүлүп, толукталып бир катар редакцияланганы да белгилүү. Учурда да Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы иштеп жатат. Дегеле биз канткенде кыргыз тилин өнүктүрө алабыз?

— Мекендин бүтүндүгүн сактап ар бир кетмен жер үчүн бел чечпей күзөткө тургандай ар бир сөздү сактап калууга жан үрөшүбүз керек.

“Кыргыз тил-деңиз, океан,

А, сөздөр куйган булактар.

Кыргыз тил-ак боз аргымак

А, сөздөр учкул туяктар”-дегендей,  тамырда кан жок дене мүчөлөр өз милдетин аткара албагандай, суусуз өсүмдүктөр көрккө келбегендей эле тилсиз улуттун ажары ачылбайт да, улуулугу байкалбайт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өнүкүндөтүү программасынын  алкагында иш-чаралар өз нугу менен жүрүп жатат. Бул саамалыкты аралашып жүргөн киши катары байкап жатам.  Аткарылышын көзөмөлдөө менен эле чектелбестен  багыттарын аныктоо, натыйжалуулугун көрсөтүү жакшы жыйынтык берерине да  күбөмүн десем болот. Бул эми мыйзамдуу жолу. Идеологиялык жактан алып караганда жалпы элди ойготуу кажет. Кыргыз тилинде сүйлөөнү маданияттын бийик опогейи, элибиздин эң жетишкен бийиктиги катары санала турган деңгээлге жеткиришибиз керек. Бардык мекеме-ишканаларда иш кагаздарды милдеттүү түрдө кыргызча жүргүзүүгө өткөрүшүбүз керек. Бул кыргыз тилине болгон мамилени өзгөртөт. Кызматтык орундарга кыргыз тилин билүү шартын коюшубуз керек. Ошондо кызматты аркалаганды жакшы көргөн адам бат эле кыргызча таптак сүйлөп чыгат.

-Тилди үйрөнүүдөгү негизги факторлор эмнелер деп ойлойсуз? Кыргыз Республикасында калктын 80 %дан ашыгы кыргыздар болсо да, ошол кыргыздарды эне тилин, мамлекеттин мамлекеттик тилин билүүгө үгүттөп, үйрөтө албай убара тартып жатканыбыздын себеби эмнеде?

-Дагы эле расмий тилден оозуп чыгууга далалат кылбагандыгыбызда. Кылчак-кылчак артыбызды карап, эки тилди тең ала жүрөлү деген кош тилдүүлүк түшүнүктөр да тилге болгон мамилени аксатып жаткандай.  Мамлекеттик тилдин тагдыры жана анын кадыр-баркын көтөрүү бир гана  тилчилерге тиешелүү эмес. “Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” демекчи, баланын аң-сезимин калыптандыруучу, өспүрүмдөрдүн тилин жатыктыруучу мультфилмдердин, тасмалардын кыргыз тилинде аз санда болгондугу өз таасирин тийгизип жатат. Башка тилдердеги кызыктуу ар кандай чакан көлөмдөгү же көп сериялуу мультфилмдерди көргөн наристелердин тили, анан дили башка жакка бурулуп кетип жатпайбы. Тилин алдырган улут бат эле дилин, өзөгүн унутат. Дегеним, кыргыз тилдүү көрсөтүүлөрдү көбөйтүү керек.

Мыйзамдардын алгач орусча жазылып, андан соң кыргызчага которулганына кандай карайсыз? Башка улуттар эмес, кыргыз улутундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин билбей, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза албаган, сүйлөй албаган чиновниктердин катмарына эмне дейсиз?

— Жогоруда айткандай, “кыргыз тилин билбегендер кызматка коюлбайт” деген чечим кабыл алынса эле кыргызча түш жоорубайбы. Чечимдин аткарылышын катуу көзөмөлгө алса эле бат эле жыйынтыгы көрүнөт. Бирок, жазуу иштериндеги грамматикалык каталарды башкача айтканда туура жазуудагы сабаттуулугун жоюу узак мезгилди талап кылат. Мыйзамдарды орусча жазып, кайра кыргызчага которууда көп сүйлөмдөр өзгөрүүгө учурап же стилистикалык жактан каталарга жол берилген учурлар арбын. Которулган кээ бир сүйлөмдөрдү тилчи катары мен түшүнбөй калган учурлар кездешпей койбойт. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын укуругун узартуу максатка ылайык.

-Кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдүн бурмаланып же ката жазылып жатканы жүрөгүңүздү өйүбөй койбосо керек…

— Чынында, коомдогу көйгөйлөрдүн бири ушул. Сүйлөө речте, жазышууда өтө эле сабатсыз болуп кеттик. “Оа”, “келтат”, “зыңк”, “даң-даң” жана башка сөздөрдү элдин калың катмарынан кезиктирүүгө болот. Сабаттуу жазуу адамдын ким экенин айгинелейт жана интелекттик деңгээлин көрсөтөт. Кыргызча маани берген сөздөрдү да башка тилде айтып коомдун мээсин айландырган адамдар бар. Ооба, башка тилдерден келген сөздөрдү кабыл алышыбыз керек. Бирок, кыргызча мааниси туруп башка элдин тилинде сүйлөгөнүбүз уят иш. Бул тилибизге болгон кайдыгерлик.

-Сөз аягында сизге эркин микрофон.

Нечен кыя-белестерди ашкан тилибиз алды да дагы далай кылымдардын дабанын ашсын.  Дилибиз күйбөсүн десек тилге күйөлү.

Жазгүл КАРБОСОВА

error: Content is protected !!