"Эркин-Тоо"

Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Уланбек Далиев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн мурун Президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!