"Эркин-Тоо"

Уланбек Мамбетакунов Венгриянын Обуда университетинин ардактуу мүчөсү болду

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Венгриянын Обуда университетинин ардактуу мүчөсү наамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Уланбек Мамбетакунов жана жогорку окуу жайлардын ректорлор Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев башында турган Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын ректорлору Венгриянын Обуда жана Будапешт Метрополитен университеттеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жогорку билим берүү тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Обуда университети менен кызматташтык жөнүндө Меморандумдун негизинде кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жана Салымбеков университети Будапешт Метрополитен университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Уланбек Мамбетакуновго профессор, информатика мугалими катары билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Обуда университетинин ардактуу мүчөсү наамы ыйгарылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!