Кыргыз элинин мекенчил атуулдарынын бири, ЖКнын үч жолку чакырылышынын депутаты Улугбек Ормонов менен өлкөдөгү акыркы саясый окуялар туурасында маек курдук.
— Улугбек Зулпукарович, акыркы учурдагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяларды кандай кабыл алдыңыз?
— Албетте, бул ар бир кыргыз жараны үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Биз менен кылымдардан бери кошуна болуп жашап келе жаткан тажик эли ушундай куралсыз жаркын турмушта жашап жаткан элибизге карата агрессиялык кадамдарды жасайт деп эч ким күткөн эмес. Ошондуктан, бул окуяны жүрөгүм менен, кыргыздын жараны, депутаты катары оор кабыл алдым. Мындай мамиле биздин бийлик жетекчилерине, биздин куралдуу күчтөрдүн башчыларына, чек ара кызматындагыларга чоң сабак болушу керек. Дегеле кандай гана сын-пикирлер айтылбасын чек ара маселесине келгенде кылдаттык талап кылынат. Чек ара маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Биз сүйлөшүү жолу менен такташып анан чек араны бекитишибиз зарыл. Аталган маселе 30 жылдан бери чечилбей келгендиктен, анын кесепети 28-30-апрелдегидей каргашалуу күнгө алып келди. Учурда КРнын Президенти Садыр Нургожоевич башында турган кыргыз бийлиги чек ара маселесине чечкиндүү киришип жатат. Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөр жакшы жагдайда башталды. Тажикстан менен өткөндөгү жагдайларды эске алып, сөзсүз түрдө чек ара маселесин такташып, бүтүрүү абзел. Ар бир мамлекеттин, ар бир элдин кызыкчылыгы болот. Кыргыз элинин кылымдан берки кызыкчылыгын унутта калтырбай чек араны тактоо бүгүнкү күндүн талабы. Кол салууда өзгөчө жаш балдардын каза болгону жүрөк сыздатты. Эл-жеринен, мекенден кан-жанын аябаган жоокерлер ошол үчүн жоокер. Эки тараптуу кагылышууда сөзсүз жоготуу болот. Андыктан, учурдан пайдаланып, жалпы жакындарын жоготкон бир туугандарыбызга терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм. Мындай апаат экинчи ирээт жерибизде кайталанбасын.
-Ушул кырдаалда ЖККУга (жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму) кирген мамлекеттер эмнеге карап отурду? Өзгөчө ЖККУнун жыйыны Душанбеде болуп жаткан учурда кыргыз элин эмне үчүн дүрбөлөңгө салды? деген суроолор элди тынчсыздандырбай койгон жок. Ушундан улам кыргыз-орус мамилеси да солгундай түштү. Буга сиздин көз карашыңыз…
— Акыркы убактарда кандай гана кырдаал, оор күндөр болбосун биринчи кол сунган Россия мамлекети. Биз бул жаатта Россияны бир тараптуу күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Россияда 1 миллионго жакын мекендештерибиздин эмгектенип жүргөнүн унутпашыбыз керек. Россия — биздин өлкөнүн саясатында жана соода тармагында да ири өнөктөшү.
Бул жерде Кыргыз Республикасы менен Россиянын ортосун бузгусу келген атайын күчтөр бар. Анткен менен биздин Президент, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү буга жол бербейт деп ишенем. Тескерисинче биз эгемендүү мамлекет катары өзүбүздүн союздаштарыбыз менен мамилени чыңдашыбыз кажет. Андыктан, ушундай анча-мынча, майда маселелерге азгырылбасак дейм. Россия менен ар тараптуу келишимдерибиз көп. ШОС, ЕврАзЭС, ЖККУ сыяктуу көптөгөн эл аралык уюмдарда чогуубуз. Кыйын кырдаалда Россия жардам берген жок деген сыяктуу бир топ сөздөр айтылып жатат. ЖККУ — сырттан келген душмандарга биргеликте каршы туруу үчүн түзүлгөн. Ал келишимде Кыргыз Республикасы да, Тажикстан да бар. Андыктан, Россия бизди колдошу мүмкүн эмес. Биринчи күндөрү эле Россиянын Президенти жардамга даяр экенин билдирип, эки мамлекеттин жетекчилерин сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү керектигине чакырды. Муну баарыбыз угуп, көрүп турдук. Чындап эле, эки мамлекеттин президенттери өздөрү сүйлөшүп, бир чечимге келгени туура го деп ойлойм. Бизде “Эмнеге Жапаровду В.Путин Москвада өткөн 9-майдагы жеңиш парадына чакырган жок? Тажикстандын президентин чакырды” деп козуткан атайын топтор, күчтөр бар. Бул туура эмес. Биз эгемендүү мамлекетпиз. “Бул мааракелик дата эмес. Пандемияны эске алып эч кимди чакырган жокпуз”,- деп ачык эле айтышты. Тажикстандын президентин ал каргашалуу окуя болгонго чейин 3-4 ай мурда расмий чакырган экен. Андыктан, жалпы элибиз, кыргыздын бийлик башында тургандар ар кандай провокациялык чакырыктарга азгырылбай, Россия менен болгон мамилени мындан ары да чыңдасак деген тилектемин.
— Кайрымдуулук иштерден кур калбаган инсансыз. Баткен элинен кабар ала алдыңызбы?
— Чек арада кырдаал курчуп турганда Жогорку Кеңеш жабык жыйынга чогулуп, ар кандай сунуштар айтылып, айрым эл өкүлдөрү Баткенге барышты. Ал учурда 120 депутаттын Баткенде жүргөндүгүнүн деле кереги жок болчу. Баткенге болгон 2-сапарда төрага баш болгон бир топ эл өкүлдөрү да барып келишти. Биз жыйындарга катышып, маселелерден толук маалымат алып турдук. Ар бир эл өкүлү 25 миң сомдон маянабыздан котордук. 18 жылдан бери Зулпукар Ормонов атындагы спорттук мелдештерди бир туугандарым менен өткөрүп, Өзгөн элине чоң иш-чара уюштуруп берчүбүз. Былтыр пандемия болуп өтпөй калгандыктан, жетишсиз, жардамга муктаж 1000 үй-бүлөгө бир каптан ун алып бергенбиз. Быйыл апрелдин аягы ушундай окуялар менен коштолуп кеткендиктен, 15-16-майда элдин көңүлүн көтөрүүгө, ынтымакты бекемдөөгө арналган бул спорттук иш-чараны токтотуп, бир туугандарым, Өзгөндүн спорт сүйүүчүлөрү менен кеңешип, ага арналган каражатты Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында каза болгон 36 жарандын, жүздөн ашуун жаракат алган бир туугандарыбыздын абалын сурап, аларга адрестүү жардам берсек деп пландадык. Буйруса орозо аяктаары менен канча сумма болоорун аныктап жардам бере баштайбыз. Бул боюнча Президент да, бийлик өкүлдөрү да болгон аракетин жасап жатат. Элден айланса болот. Кыргыз элинин ынтымагын былтыркы пандемияда да көргөнбүз. Өзгөчө жаштардын, сырттагы мигранттардын салымы опол тоодой. Алыскы АКШдагы мигранттарыбыздын Баткен эли үчүн 200 миңдей доллар акча каражатын чогултуп коюшканы элибиздин ынтымагын, биримдигин даңазалап турат. Ошол жаштарга, мигранттарга эл өкүлү катары терең ыраазычылык билдирем. Баарыбыз сырттан карап турбай биргеликте, ынтымакта иш алып барсак чек арага чектеш элибиздин муктаждыктарын тез арада жоюуга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Мындан сырткары район-район, айыл-айыл болуп, ынтымакта болгон каражаттарды топтошууда. Эми муну өкмөт чаржайыт кылбай бир нукка салып, жакшы координациялык топ түзүп, жардамдар өз дарегине жетишин камсыз кылса дейм.
— Жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамга Президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду. Жаңы Конституция боюнча пикриңиз кандай?
— 1993-жылы 5-майда алгачкы Баш мыйзам кабыл алынган эле. Жаңы Баш мыйзамга Президент Садыр Нургожоевичтин кол коюсу ушул датага туура келип калганы бул — жакшы жөрөлгө. Элге кандай башкаруу керек деген маселе коюлуп, эл бир добуштан “өлкөдө бир башчы болсун. Президенттик башкаруу ылайыктуу” деген тилек менен Президенттик башкарууга ылайыкталып жазылган Конституцияны колдоп берди. 5-май күнү Президентибиз Садыр Жапаров кол койду. Ушул күндөн баштап Конституция күчүнө кирди. Эми мындан аркысы эл ишенип шайлаган президентке байланыштуу болот. Анткен менен сырттан карап сын айтып, болоор болбос нерселерди сындай бербей, жалпылап Президентке жардам беришибиз зарыл. Азыркы шартта кыргыздын ынтымагы, биримдиги аба менен суудай керек болуп турат. Элибиз сырткы душмандарга каршы туруп, өз биримдигибизди, ынтымагыбызды көрсөтүшүбүз абзел. Доско күлкү, душманга таба болбойлу! Сын-пикир абдан көп, бирок, өзүбүз шайлаган Президенттин иштешине убакыт беришибиз керек. Ал бардык жоопкерчиликти моюнуна алып болгон аракетин жасап жатат. Андыктан, жатып алып сын айтып “100 күн болду, кана, эмнени кыйратты?” дебей, жапа тырмак жардамдашып, убакыт берели. Кыргыз эли кылымдарды карыткан эл. Кылымдар бою сырткы душмандар кыргыз элин жок кылып жиберүүгө аракет кылышканына тарых күбө. Ага карабай, Кудайга шүгүр кыргыз мамлекетибиз, элибиз бар. Ошондуктан, элбизге ынтымак, биримдик, чыдамкайлык каалайм. Жакшы тилек жарым ырыс. Жакшылыктан үмүт үзбөй, эртеңки келечек, мамлекеттин өсүп-өнүшү үчүн жалпылап аракет кылалы.
Жазгүл КАРБОСОВА