"Эркин-Тоо"

Улугчат шаарында Кыргызстандын Көзөмөл кампасы курулду

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) жумуш сапары менен барды. Ал сапардын алкагында Улугчат шаарында Кыргыз Республикасынын Көзөмөл кампасынын ачылыш аземине катышты.

Бакыт Төрөбаев заманбап жабдуулар менен жабдылган бул жаңы Көзөмөл кампа чек арадан дан-эгин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ишенимдүү өтүшүн камсыз кыларын билдирди:

«Бүгүн биз маанилүү окуяга — “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктарында жаңы Көзөмөл кампасынын ачылышына күбө болуп отурабыз. Бул кампанын ачылышы Президентибиз Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарындагы макулдашуунун натыйжасы болуп саналат. Кампа 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү максатына жетүүгө чоң салым кошот.»

Ал эми КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Не Цзан, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна импорттоону колдоо боюнча берген тапшырмасына ылайык, айыл чарба продукцияларын импортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Көзөмөл кампасы Кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы тарабынан курулду.