"Эркин-Тоо"

Улукбек Марипов Баткенге жана Жалал-Абад облусуна кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Президент Садыр Жапаровдун (Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана Жалал-Абад, Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү) тапшырмасы менен жаратылыш кырсыктары орун алган Баткен жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти. Маалыматка ылайык, Марипов учурда Баткенге барып, сел каптаган аймактарды кыдырып жүрөт.

Баткенден кийин ал Жалал-Абад облусуна барары айтылды.

«Сапардын жүрүшүндө Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышат. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугат», — деп жазылат Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.