"Эркин-Тоо"

Улукбек Марипов Мамкурулуштун ишин сынга алды

Бүгүн 1-октябрда, кыргыз-тажик чек арасында 28-30-апрелиндеги окуяда жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери  Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылган иштер тууралуу отчет беришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрдө суук түшүшү күтүлүүдө, бирок мамлекеттик жана жеке менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, бардык курулуш иштерин бүткөрүү үчүн максималдуу күч жумшалышы керек»,- деди Марипов.

Андан соң жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча маселелер каралып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жабыр тарткан ишкерлерге каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле жеке жана эл аралык уюмдар жана кызыкдар жарандар аркылуу бөлүнгөн каражаттар жөнүндө коомчулукка толук маалымат берүүнү тапшырды.

«Биз ар бир сом үчүн отчет берүүбүз керек, бардык финансылык чыгымдар ачык болушу кажет», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле кеңешме катышуучулары «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумун өткөрүүгө даярдык маселесин карады.

Аталган маселе боюнча Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов маалымат берип, иш-чарага бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылганын айтты.

«Форумду жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Негизги максат — аймакка инвестиция тартуу жана Баткен облусунун ишкердик потенциалын кеңейтүү. Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын алкагында өтүүдө, ал жергиликтүү тургундардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Баткен облусун өнүктүрүү программасы аймак тургундарынын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатат. Райондорду жабдуу жана мектептерди куруу жетишсиз, аймактын тургундары каражат таап, өз үй-бүлөсүн багуусу үчүн мыкты шарттарды түзүү керек», — деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгында Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.