Урматтуу кыргызстандыктар!
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жалпы жамааты Сиздерди 21-март Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болуп, жүрѳгүбүзгө ыйман толсун.
Ар бир үй-бүлѳгө бакыт-таалай, кажыбас кайрат жана чексиз ийгиликтерди каалайбыз.
Салтыбызды сыйлаган, ата-бабалардан бери уланып келе жаткан улуу тарыхыбызды кадырлаган асыл элден бололу. Тилеген максаттарыбыз аткарылып, Эгемендүү мамлекетибизде өнүгүү орун алсын!