Мамлекеттик тилге болгон мамилебизди көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардан эле көрүүгө болот. Борбор шаарыбыздагы ишкана-мекемелердин имараттарында жазылган сөздөргө көңүл бөлүп окуй турган болсоң даана башың маң болот. Кыргыз, орус, англис тилиндеги мекеме-ишканалардын жазылышы бизде кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Өзгөчө жеке менчик фирмакомпаниялар орус, а түгүл англис, керек болсо кытай же түрк тилинде деле жазып, илип коё беришет. Деги борбор шаарыбыздын баш-ээси барбы? Шаар башчысы эмнеге буга көңүл бурбайт? Мекениң босогодон башталат дегендей бизге келген чет элдиктер деле ар башка тилдеги жазууларды көрүп кай жерде жүргөнүн түшүнбөй деле калышы мүмкүн. Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили мамлекеттик тил болгондон кийин көрнөк-жарнактардын баары сөзсүз кыргыз тилинде жазылбайт? Чынында бул майда-барат иш эмес. Мунун идеологиялык да мааниси чоң. Улуу муундун өз эне тилине ушундай кош көңүл мамилесин көрүп жетилген кийинки муун кантет? Аларга сөз айтып убара болбой эле ар бирибиз тилге мамилени иш менен көрсөткөнүбүз жакшы го. Мисалы, ошол эле көчөдөгү көрнөк-жарнактар мамлекеттик тилде жазылышы керек деген талаптын бекем сакталышы аларга эне тилибиз жөнүндө миң ирет айтканга караганда алда канча жугумдуу болот эле деп ойлойм.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин бийик трибунасынан күйүп-бышып мамлекеттик тил маселесин көтөрүп, аткаминерлерди жакшы эле жарга такап жатат. Мамлекеттик тилибиз туруп ал тилде мыйзам жазылбаса, кыргыз кыргызга башка тилде сүйлөп жатса анда биз кимбиз? Тили жок, дили жок маңкуртпузбу? Өз эне тилибизге жарым жан, өгөй мамилебизди ойлогондо мындан башка ой да келбейт экен. Бүгүн мамлекеттик тилибиздин маанисин көтөрүп, толук кандуу мамлекеттик тил болбосо качан болот? Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганынан бери 30 жылдан ашты. Бирок ушул кезге чейин кыргыз тилибиз коомдон өз ордун таба албай келет. Ал өзүбүзгө гана байланыштуу жана өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Спикер Нурланбек Шакиевдин күйүп-бышып айтканындай эле бар. Анын бул позициясын колдоого болот. Эгерде биз өзүбүздү улут сезсек анда биринчи кезекте тилибиз менен улутпуз. Башка бардык окшоштуктар, үндөштүктөр болушу мүмкүн, бирок кыргыз тили кыргыз улутуна гана таандык, өз эне тилибиз болбосо анда биз улут болот белек? Кыргыз улутунун да, мамлекетинин да өзөгү эне тилибиз. Биз ошо өз өзөгүбүзгө кайдыгер болсок анда улут, мамлекет катары келечегибиз күмөн. Технологиянын өнүккөн заманында биз канчалык алыс барбайлы, өнүгүп-өспөйлү өзөгүбүз жок барсак анда биз жарым жан, өздүгүн жоготкон байкуш эл болобуз. Англис тилинде канча сайрасаң да сени эч ким англичан же америкалык дебейт. Башкалар үчүн “кимдир бирөө” боюнча каласың. Ар-намыс, мекенчилдик сезими бар адам башка канча тилди билсе да өз эне тилин биринчи коюшу керек. Бул чындыгында ар бирибиз үчүн намыстын иши.
Азыр чоң мамлекеттик деңгээлдеги жыйын-чогулуштар толук кыргыз тилинде өтүп жатат. Бул жакшы. Бирок көбүнчө иш-кагаздар расмий тилде даярдалып жатканы чын. Демек, бийликтин ортоңку катмарында кыргыз тилин жакшы билбеген адамдар отурат. Билгени деле кыргыз тилинде документ даярдагандын ордуна орус тилинде даярдоого ыктайт. Себеби, орус тилиндеги башка материалдардан көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эми качанкыга чейин ушинте беребиз? Кыргыз тилинде мыйзам, доклад, отчёт жазсак эмнеге болбойт? Кыргыз тили ишкагаздар тилине өсүп жетиле элек деп карап отура беришибиз керекпи? Кыргыз тилин иш-кагаздардын, илимдин жана технологиянын тилине айландыруу өзүбүздүн колдогу иш.
Акыркы убактарда орус тилинде окутулган мектептерге балдарын бергендер көбөйүп жатат. Таластагы түрк лицейине кыргыз класска баласын берейин десе каалоочулар бирин-экин гана чыгып, кыргыз класс ачылбай калат. Андан мурдагы жылы да ошондой болгон экен. Мектеп директору “биз кыргыз класска бергиле десек да ата-энелер орус тилинде окутууга берип жатышат” деп айтканын кеп кылып бир эне капа болгон эле. Бул албетте, көңүлгө ала турган жагдай. Эл ичинде дагы деле баласынын келечегин орус тилинен ажырагыс көргөндөр көп. Ага бүгүнкү кыргыз тилинин коомдогу ээлеген орду себеп. Башкасын кой, көчөлөрдө көрнөкжарнактар чет тилде жазылып же кыргыз тилинде болсо ката жазылып жатса көргөн көзгө мамлекеттик тилдин мааниси кетип жатпайбы.
Жакында Жогорку Кеңеште депутат Карим Ханджеза өсүп келе жаткан муунду идеологиялык, руханий жактан тарбиялоо, ошондой эле кыргыз тилинин макамын жогорулатуу жөнүндө айтты. “Идеологиялык, патриоттук, руханий тарбиялоо багытына көңүл буруп, бул жаатта мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнү сунуштайм”, — деди депутат. Баракелде, улуту дунган депутат кыргыз тилинин макамын жогорулатуу жөнүндө айтып жатат. А биз балдарыбызды орус мектептерге качырып жатабыз.
Мамлекеттик тилдин толук кандуу мамлекеттик тил болушу үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Болгону ар бирибиздин жүрөгүбүз Мекенге, улутубузга болгон сүйүүгө толуп, намыс көкүрөктү тээп турса эле эне тилибизди өгөйлөбөй “эркелетип” аларыбыз анык.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы