“Улут деми-Уңгу – жол” (тандалган сөздөр) аталышындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун китебинин бет ачары Улуттук илимдер академиясынын чоң конференц залында өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, илимпоз-окумуштуулар, коомчулуктун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын журналисттери катышты. Китепке Садыр Нургожоевич Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Прездентинин кызматына киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүнөн тартып, андан берки эл аралык алкакта, жалпы улуттук иш-чараларда, өлкөнүн өнүгүүсүнүн урунттуу учурларында, курултайларда, эл аралык жана ички ири долбоорлорду баштоодо, элге эмгеги сиңген мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди эскерүүгө арналган жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнүн тандалмалары киргизилген.
Китептин аталышындагы УЛУТ ДЕМИ – ата бабаларыбыздан калган тарыхыбызды, нарк-насилибизди, каада-салттарыбызды унутпай, аздектеп сактап, улуттук баалуулуктарыбызды бекемдеп, өркүндөтүп, өнүктүрөлү деген маанини камтыса, УҢГУ ЖОЛ – өткөн тарыхыбыздан өзөк алган ыңгайлуу жол, коопсуз жол, Президентибиздин келечекке багыттаган өнүгүү жолу деп түшүндүм. Ошентип, өткөн тарыхыбыз менен өнүгүүгө карай багыт алган максаттарыбызды синтездеп, бир бүтүнгө камтыган китеп болуптур.
Албетте, китептин түзүүчүлөрүнүн эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Китепти Президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов, Президенттик Администрациянын кызматкери Нурбек Асаналы уулу түзүп чыккан. Чынын айтканда жоопкерчилиги чоң бул ишти моюнга алуу өзүнчө эле эрдик. Китеп чыгаруунун түйшүгү да билген кишиге оңой эмес.
Атап айтканда аурасы (жүзү), жасалгасы адамдын табитин таба турган, өзүнө тартып турган жарык жүз китеп болуптур. Китепти ачканда эле:
“Ала-Тоо ыйык жер үчүн,
Ак калпак кыргыз эл үчүн,
Аманат жаным садага..”
(“Манас” эпосунан) деп башталат.
Бул албетте, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун аруу максат, ак тилеги. Ошондой эле болуп атат. Китепте да өткөн жылдардын хронологиясы көрүнүп турат. Президент эмнелерди айтты эле, алар кандай аткарылды, эмне деген ийгиликтер жаралды.
Өткөн 4 жылдагы урунттуу окуялар камтылган бул китептин чыгышы бүгүн жаңылык, эртең тарых. Андыктан “Улут деми – Уңгу жол” китебинин нускасын көбөйтүп, өлкөдөгү бардык китепканаларга, мамлекеттик органдарга таркатып берүү керек. Анткени, бул китепте саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык милдеттер, алдыга коюлган олуттуу максаттар чагылдырылган. Албетте, Президенттин сүйлөгөн сөздөрүн көпчүлүк эл теледен көрүп, радиодон угуп, башка маалымат каражаттарынан таанышып, кабардар болуп келгени чындык. Бирок, ал убактылуу. Учурунда эстелип, бара-бара эстен чыга баштайт. Улам кийинкиси менен алмашып кетет. Ошондуктан улам барактап, керектүүсүн эске салып, ошого жараша милдет-максаттарды аныктап алып турганга, улам жаңылап карап турганга китеп жакшы. Бул жагынан караганда да китепти түзгөн инсандардын кылган эмгеги түбөлүктүү эмгек болуптур.
Бет ачарда чыгып сүйлөгөн Мамлекеттик катчы М.Иманкулов, экс премьер-министр А.Муралиев, академик Ч.Арабаев жана башкалар да китептин мазмуну, анда камтылган ойлор, аткарылган иштер, учурдагы экономикалык өнүгүү туурасында ойлорун ортого салышты.
Курманбек Рыспаев