Улуттун улук уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Султан Ибраимов бу жалганда болгону 53 жыл гана жашады. 1980-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советин жетектеп турган учурда 3-декабрда Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында күтүлбөгөн каргашалуу окуя орун алып, оорулуу Александр Смагиндин колунан ажал тапканы ушул учурга чейин жандырмагы чиелешкен табышмак бойдон катылып келет. Бул суук кабар бүтүндөй кыргыз калкын мүңкүрөттү. Атаганат, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында көчөгө эл батпай калганын замандаштары уламыш катары узун кеп кылып келет. Маани берген пендеге мунун да жөнү болуш керек.
Коомдук ишмер Бараталы Кошматов: “ИШ БИЛГИ ИРРИГАТОР ЭЛЕ”
Мен ирригатор катары кесиптеш-устатым Султан Ибраимовдун басып өткөн өрнөктүү өмүр жолун эскерүүнү сыймык сезем. Анткени, бул кыргыздын чыныгы уулун көрүп-билип калган жайым бар. Институтту бүтүп келгенден кийин иштеген жумушумдун башчысы да Ибраимов болгон. Аты Ишембай. Бул адамдан кесиптин сырын үйрөндүм. Төрт-күл СМУсунун начальниги катары Султан Ибраимов жөнүндө көп билгендерин айтып берер эле. Көрсө Ташкенттеги ирригация жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтунда бирге окушкан экен. Ошондуктан обкомдун биринчи катчысынын кабыл алуусуна, үйүнө түз киргенге мүмкүнчүлүгү болгон экен. Султан Ибраимовдун мен баалаган жогорку сыпат — адамдардан жумушун кызыгып сурабаганы. Адегенде ден соолугун, турмуш-шартын, ой-максаттарын сурар эле. Мен Төрт-Күл суу сактагычында магистралдык каналдардын курулушуна прораб катары катышып жүрүп, Султан Ибраимовго көп жолуктум. Обкомдун биринчи катчысы ГАЗ-21 үлгүсүндөгү эски волгасына олтуруп алып, Кадамжай аркылуу айланып, суу сактагычтын курулушу менен таанышып, куруучуларга жолугуп, алардын ахвалдарына кызыгып баарлашып калчу. Төрт-Күл суу сактагычы болбогондо Баткен облусу эмес, Баткен район да болмок эмес. Себеби, азыр райондо 14 миң гектар сугат аянты болсо, анын 10 миң гектары Төрт-күл суу сактагычынын шарапаты менен суулуу жер болуп калды. Суу сактагыч ишке берилгенден кийин жаңы совхоз түптөлдү. Чарба деген өзүнчө бир комплекс эле. Анткени, анда турак-жай, жол, маданий тармак, мал чарбасы баары болгон.
Султан Ибраимовдун кыраакылыгы – иштин башын чек арадан баштатчу эле. Бош жаткан жерлерди эч ким талашпайт да. Биз ал кишинин мындай көрсөтмөсүнө таң калчу элек. Эгер берки жактан баштап барсаң чек арага жакын калганда көйгөй өзүнөн-өзү пайда болмок. Бул Султан Ибраимовдун алысты көрө билген көрөгөчтүгүнүн далили деп ойлойм.