Бүгүн, 12-декабрда, Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленип, Улуттук тарых музейинде салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарада “Алтын калем” жана башка белгилүү адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Салтанатка Минкабдын төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Маданият министри Мирбек Маматалиев катышып, акын-жазуучуларга көрсөтүлчү мамлекеттик колдоо келерки жылы 5 миллион сомдон 10 миллион сомго жогорулатыларын маалымдашты. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев майрамдык куттуктоо сөзүн сүйлөп, келерки жылы Залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгы, адабиятчы Салижан Жигитовдун 90 жылдыгы белгиленерин, ошондой эле Дүйнөлүк поэзия фестивалын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
Иш-чаранын алкагында комиссия тарабынан тандалган мыкты чыгармалардын авторлоруна дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа жана 2025-жылдын отчёттук видео-ролиги көрсөтүлдү.
“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү:
-
Проза: Өмүрбаева Нуриза Батырбековна — 100 000 сом;
-
Поэзия: Тиллабаев Өмүрбек Алаканович — 100 000 сом;
-
Драматургия: Жеңүүчү табылган жок;
-
Котормо: Исмаилов Алтынбек Адылбекович — 100 000 сом;
-
Адабий сын: Медетов Аскар Советович — 100 000 сом;
-
Балдар адабияты: Курманов Жекшенбай — 100 000 сом.
Орус тилдүү чыгармалар боюнча:
-
-
Луговая Светлана Александровна — 50 000 сом;
-
Пятибратова Алла Леонидовна — 50 000 сом.
-
Белгилүү адабий сыйлыктардын ээлери:
-
“Алыкул Осмонов” атындагы сыйлык: Мелис Мамажан уулу — “Деңиз дүйнө” китеби үчүн;
-
“Мукай Элебаев” атындагы сыйлык: Абибилла Пазылов — “Чын курандын жетиси” романы үчүн;
-
“Тоголок Молдо” атындагы балдар адабияты сыйлыгы: Жумабек Токтагазиевге ыйгарылды.

