Улуттук банк 13-февралдан 27-февралга чейин үч акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Алар “Альфа М Кэш”, “Амир-Умар” жана “Упай” акча алмаштыруучу жайлары.
Бул чаралар өлкөнүн мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу көрүлгөн.