"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Улуттук банк валюта базарына 38 млн доллар сатты

Улуттук банк күн мурун, 1-октябрда валюта рыногуна интервенция менен чыгып, 38 млн доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, сатуу «бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү» ишке ашырылган.

Ушул жылдын башынан бери Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу максатында рынокко беш жолу чыкты.