"Эркин-Тоо"

Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды

Күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкы 62 млн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө валюталык интервенция жасады.

Улуттук банк ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 10-ирет чет элдик валютаны сатып алуу менен тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда доллардын расмий курсу 1 доллар – 87,30 сом, евро – 93,76 сом.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда — 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!