1-сентябрдан тартып Улуттук банк “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарат.
Алдыңкы бетинде мамлекеттик желектин тегерегинде Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин сүрөттөрү жайгашып, атайын жазуу түшүрүлгөн. Арткы бетинде КР герби жана боз үйдүн элементтери көркөмдөлгөн.
Күмүштүн салмагы 33 грамм, номиналы 10 сом, ал эми баасы 10 540 сомду түзөт.

