"Эркин-Тоо"

Улуттук банктын атын жамынган шылуундар пайда болду

Улуттук банк  белгисиз адамдар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген алдамчылык сайтына шилтеме жиберип, анда Кыргызстандын тургундарына акча каражаттарын кайтаруу кызматтары сунушталып жатканын айтып, эскертүү берди.

“Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий түрдө билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз”,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эгер сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.