"Эркин-Тоо"

Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү «Манас» университетинде белгиленди

Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын жана 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн “Манас” университетинде белгилешти.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаш жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди каалады.

Иш-чараларынын алкагында башталгыч класстын окуучулары “Манас” университетинин проректорун жана башкы катчысы менен да жолугушушту.

Жагымдуу атмосферада өткөн жолугушуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан балдар менен биргеликте “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында тамактанып, 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнүн кубанычына ортоктош болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!