"Эркин-Тоо"

УЛУТТУК ГОСПИТАЛЬ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Жакында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда Саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку технологиялык фонду боюнча кеңешме өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, оорукананын жетекчилиги менен бөлүм башчылары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук госпиталдын бүгүнкү күндөгү абалы айтылып, адистер тарабынан жогорку технологиялык, медициналык жардамды өзгөртүү сунушу киргизилди. Ошондой эле хирургиялык операцияларды жаңыча ыкма менен жасоо маселелери талкууланды. Улуттук госпиталь – ооруну аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана илимий иштерди жүргүзүүчү мамлекеттик көп тармактуу медициналык мекеме. Ал жалпысынан 1200 орунга ылайыкташып, отуздан ашык бөлүмдөрдү, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана КыргызРоссия Славян университетинин бир катар клиникалык кафедраларын камтыйт.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев COVID пандемиясы башталгандан бери аталган ооруканада олуттуу өзгөрүүлөр болгонун, жаңы аппараттар алынып келингенин билдирди. Аны менен катар госпиталда нейрохирургия №1 жана №2 бөлүмдөрүндөгү мээнин кан тамыр ооруларын рентгенэндоваскулярдык жолу менен дарылоо, ишемиялык инсультту тормбоэкстракция жасоо жолу менен дарылоо, кан тамыр хирургия бөлүмүндөгү жогорку технологиялык операциялар тууралуу айтып берди. Кеңешменин соңунда башкы дарыгер материалдык-техникалык базаны чыңдоого колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө кайрылды.

Разия ЖООШБАЕВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!