Улуттук госпиталдын базасында да мамлекеттик дарыканалар ачылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, «Эл Аман» дарыканалары калкка өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган, жеткиликтүү баадагы дары-дармектердин түрүн сунуштайт.
Белгилеп кетсек, учурда республикада жалпысынан 77 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.