"Эркин-Тоо"

Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотулду

Улуттук госпиталга «Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы» аркылуу берилген жаңы компьютердик томография аппарат орнотулду.

Жаңы компьютердик томография аппараты Кыргызстандагы медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн бир топ жакшыртып, ар кандай оорулардын так жана тез диагностикасын камсыздоого салым кошот.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов КТ диагностикалык кызматынын прейскуранты иштелип чыкканын, бир текшерүүнүн баасы 1400 сомду түзөрүн билдирди. Ал белгилегендей, жаңы томографтын өткөрүү жөндөмдүүлүгү патологиясынын татаалдыгына жана оордугуна жараша күнүнө 40-50гө чейин бейтаптарды тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!