"Эркин-Тоо"
Медицина

Улуттук госпиталга тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, бүгүн, 19-июнда, Улуттук госпиталга заманбап тез жардам унаасы тапшырылды. Унаа ОсОО «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» компаниясы тарабынан берилди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов бул белекти Улуттук госпиталдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошулган маанилүү салым катары белгиледи. Анын айтымында, заманбап тез жардам унаасы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, өзгөчө учурларда бейтаптардын өмүрүн сактап калууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Белгилей кетсек, Улуттук госпитал өлкөдөгү эң ири жана маанилүү медициналык мекемелердин бири болуп саналат.