"Эркин-Тоо"

Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн акча көбөйтүлөт

Улуттук илимдер академиясына быйыл 479,2 млн сом бөлүндү. Былтыр 311,5 млн сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясында өткөн жыйында айтты.

Жапаров белгилегендей, өкмөт билим, илим, инновация тармагын артыкчылыктуу багыт катары карап, өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуунун үстүндө иш алып барууда.

«Эгемендүүлүктүн отуз жылдык мезгилинде илим деген маанилүү тармагыбыз көз жаздымда калып калды. 2021-жылы Илимдер академиясына – 311,5 млн сом, быйылкы жылы 479,2 млн сом бөлүндү. Эмдиги жылга 524,4 млн сом карап жатабыз. Ошентсе да эки жылда президент академиянын бюджетин 187,5 млн сомго көбөйтүп берди. Эгер илимий кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу жогору болсо, өлкө жетекчилиги мыйзамда көрсөтүлгөн ИДПга карата 1% каражатты бөлүүгө даяр», — деди Акылбек Жапаров.

Ал Илимдер академиясынын 4-5 артыкчылыктуу багытын аныктоо, илимге кызыккан 45 жашка чейинки жаштарды ишке тартуу жана колдоого алуу, патенттик активдүүлүктү жогорулатуу, эскирген лабораторияларды оңдоп-түзөө, бюджеттен бөлүнгөн каражатты кайтарууну камсыз кылуу иштерин күчтөндүрүү маанилүү экендигин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Министрлер кабинети Канатбек Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Канатбек Абдрахматов Улуттук Илимдер академиясынын президенти болуп шайланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!