"Эркин-Тоо"

Улуттук кардиология борборунда ачык эшик күнү өткөрүлүүдө

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында 27-28-сентябрь күндөрү «Ар бир жүрөк маанилүү» урааны астында ачык эшик күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат. Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!