— Шайырбек мырза, мындан эки жыл алдын Улуу Манас баянын соцтармактар аркылуу калың элдин катмарына кара сөз түрүндө баяндап баштап, көптөгөн адамдардын алкоосуна, колдоосуна ээ болдунуз эле. Кийинчерек Манас баянына болгон кызыгуунуз сизди психология илимине жетелеп кирип кетти. Учурда психология боюнча КМУУдан адистик алып жатасыз. Манас эпосу менен психология илиминин ортосунан кандай жалпылыктарды таптыңыз?
— Мен Манаска кантип келип калдым, Манастан кайра психологияга кантип кирдим? Негизи адам баласынын жашоосунун кайсы бир учурларында аң-сезимдик өзгөрүү, силкинүү, талкалануу, кайра жаралуу, толкундоо, тынч алуу деген сыяктуу процесстер болуп турат экен. Анын сыңарындай менин турмушумда да өйдө-ылдый жагдайлар көп болду. Андай оош-кыйыштардын бир топ бөлүгү көрсө биз өзүбүздү жакшы тааныбаганыбыз үчүн болот экен. Кыргызда “пейилинен тапты” же “ниетинен тапты” деген сөз бар эмеспи. Эгер кишинин жан дүйнөсү тынчыбай, ага кошо жашооң тынчыбай, буга кошо санааң тынчыбай убара тарта берсең демек сен өзүңдү тааныбай жатасың. Адам качан өзүн-өзү таап, өзүн өзү тааный баштаганда ага бактылуулук байырлай баштайт. Албетте мен бул жерде жазмышты жакшы жагына өзгөртүүнүн биздин алыбыз жеткен, биздин колдон келген жагын айтып жатам. Тагдыр айрымда бизге баш ийбейт. Белгилүү психолог Карл Густав Юнг айткандай; биз адамдар тагдырыбызды, турмушубузду өзүбүз курабыз, бирок анын ээсибиз деп айта албайбыз.Тагдырдын ээси — Жараткан. Анын сыңарындай биз өзүбүз ээ эмес тагдырыбызда акыл элегибизден өткөрүп алган чечимдерибиз менен турмушубузду өзүбүз ырастайбыз. Биздин тагдыр мээбиздеги элек чөйрөбүзгө, алган тарбиябызга, жети атадан бери келип, алымча кошумчасы менен мисалы мага, сага өткөн оң терс сценарийлерге, акыры жүрүп келип мүнөзүбүзгө, ниет пейилибизге жараша иштейт.
— Сиз өзүңүздүн психологиялык баяндарынызда дайыма улуттун, деги эле ар бир адамдын өз “тегин, түбүн” билүү өтө чоң мааниге ээ экендигин эскертип келесиз. Тээ бир замандарда өтүп кеткен түп-тегиңди изилдөө, билүү, ошого жараша түздөнүү адам баласынын бүгүнкү тагдырына чоң таасир этет деген элеңиз?
— Акыл парасатыбыздагы тагдыр жасоочу ой жорумубузду түздөп алуу үчүн ириде өзүбүздү жакшы таанышыбыз керек. Өзүбүздү таанууда алгач тегибиз тээ Адам ата, Манас ата, андан кийин жети атаң, ата журт, тай журтуңа чейин таанып чыкканың жакшы болот. Жок дегенде бизди ким жаратты? Кайдан келдим? Тамырымдагы канымдын таржымалы? Алар кимдер, кандай мүнөздөгү инсандар? Менден кийинки муун эмне болот?- деген суроолорубузга жооп тапканга аракет кылабыз. Бир нерсенин тарыхына көз салып, сөзсүз анын түпкүрүн билмейин андан алдыда эмне күтүүнү билбейсиң да. Мисалы бир жерге ишке кирдиңиз, сиз келгенге чейин эле ал жердин тарых таржымалы, адаттары, өзгөчөлүктөрү бар, ал жерде илгертен иштеген жакшы жаманы өз ичинде болгон жамааты бар. Мына ошондон кабардар болбосоңуз аныңыз осолдук, ыңгайсыздык алып келет да. Так ошол сыяктуу өзүңдүн да тамырың бар, азырың жана кийиниң бар. Азыркы тирүүлөрдүн бул дүйнөгө жаралганына канча болду? Ким бирөөгө 20, кай бирөөгө 30-40, кимдир бирөөгө 50, мейли мага десе толук 100 жыл болсун. Бирок ааламдын, адамзаттын жаралуу тарыхы миллион жылдарды камтыган бул мезгил мейкиндигинде бир адамдын өмүр жашы жөн эле күкүм да. Дагы бир жөнөкөй мисал айтайын; биз жаңы велосипед ойлоп табуу үчүн мурдагы велосипедди карап иш кылсак оңой. Демек, 40-50-100 жылдык өмүр жашыбызда биз баарын билем дей албайбыз, ошондуктан өзүбүздү өткөн түп, тегибиз аркылуу таануу, табуу оңой болот. Мына ошондуктан психология илимин алууда, айрыкча Карл Густав Юнгдун «аналитикалык психологиясын» иликтөөдө өз улутумдун тегине кайрылып, Манас, Семетей, Сейтек, Курманбек, Жаныш Байыш сыяктуу «архетип» каармандарыбыз тууралуу китептерге сүңгүп кирип, окуп чыктым жана эки иштен бир иш деп элге да анча мынча айтып бердим. Өз кара башынын камын ойлоп жүрө берген адамды акыры эч ким ойлобой калат. Жалаң өзүңдү ойлосоң бара- бара энергияң да өзүңдөн ашпас болот. Баланс керек. Мен азыр өзүмдүн канымдагы башкача айтканда мүнөзүмдөгү Бакайым качан чыгат, Алмамбет, Чубагым качан чыгат, Сыргак, Серек качан иштейт, Ажыбайым кантет, керек болсо Жакыпты, Кыргылды кай жерде иштетишим керек, андан мага эмне пайда же туура эмес иштетсем эмне зыян болоорун аңдап турам.
— Демек, ар бир кыргыздын кан-жанында, мүнөзүндө, акыл-эсинде Бакай, Кошой, Каныкей сыяктуу өткөн ата-тегинин руху жашайт деп түшүнсөк болобу? Улуттук текти изилдеген илимди адам жеке жашоосунда кантип пайдалана алат?
— Мисалы, кийинки муун, бала-чака арасында акыл кеңеш айтып, “өзүндөн сабырдуу Бакайдын мүнөзүн тап, болбосо кайрат берип, мотивация берип Кошойдун мүнөзүн күт, жан үрөп эмгек кылууну, эрктүүлүктү, көктүктү керек болсо чогоол болчу жерде Чубактын мүнөзүн өзүңдөн тап, өлкөгө кызмат кылуу, улууга ызаат кылууну Сыргактан ал, ынтымак ырашкерликте, сүйлөшүү иштеринде Ажыбайды карма” деп, Манастагы чоролорду мүнөзүбүзгө чогултуп алсак болот. Элестет сенин мүнөзүңдө 40 эрдин сапаты бар, бул деген сенде 40 кылыч бар, 40 чоро бар деген сөз. Болгону ар бирин туура колдон. Жалаң эле Бакай болуп жүрө бербе, маселенин баарысын Чубак болуп чечпе же Чубак болчу жерде Ажыбайдай дипломат болбо. Мына ушундай да.
— Адамдын өзүн-өзү таануусу, өзүн өзү табуусу деген термин кийинки мезгилде психологияда байма бай колдонулуп келет. Деги эле адам өзүн кантип тааныйт жана кантип табат?
— Албетте адам өзүн 100 пайыз тааныйм деши кыйын. “Кылым жыл жаша — кылым оку” деген экен бир кезде Луций Анней Сенека аттуу Римдик философ. Так ошол сөзүн мен кылым жаша, өзүңдү кылым бою окуп жүрүп өт деп түшүнөм. Анткени бизди жасаган “Улуу Табиятта” чексиз илим бар экени адамдын борбордук нерв системасын караганда эле түшүнүктүү…
А адамзат али өзү жасаган технологиянын түпкүрүндө жүрөбүз десем жаңылышпайм, бирок ошентсе кудайга шүгүр, аракет кылып олтуруп ушул бүгүнкү деңгээлине жете алды. Сөзүмдү кыскартып айтсам психологияңды, өзүңдү, ага кошуп өзгө адамдардын жан дүйнөсүн таанып же сезе билүү үчүн адамды тааны, адамды таануу үчүн тээ Жараткандан баштап, анан сөзсүз бабаңды тааны. Ичиңдеги каныңды, жаныңды тааны. Жан демекчи биздин мээбизге караганда жаныбыз бизди көбүрөөк тааныйт. Бул жөнүндө кийин сөз кылып берейин буйруса…
— Психологияда адамдын кыялдануу сезимдерине кеңири жол бериш керек деген түшүнүк бар. Кээде аны “визуалдаштыруу” деген термин менен атайсыздар? Кыялдануу тескерисинче адамды реалдуу жашоодон алыстатып жибербейби?
-Биз адамдар кыялкеч болобуз. Ооба, бизди кыялдарыбыз жетелейт, так ошол таттуу кыялдарыбызды ишке ашырууга ар дайым аракеттенебиз. Албетте кыялкеч болгон жакшы, ансыз турмушубуз кунарсыз болмок. Адам кыялына жетсе, эңсегенин тапса кандай сонун. Бирок кээде айрымдарыбыз реалдуулукту унутуп, ичибиздеги кыялыбыз менен жашап калабыз. Тагыраак айтканда кыялында жашоосу башка, баскан турганы башка ал турмак иштеген иши, мансабы башка. Кыскасын айтканда өзүнүн чыныгы абалын билбейт. А айрымдар так ушунун эле тескерисинче. Жөнөкөй бир мисал; тойдо кызып алып бийлеп жаткан айрым кишилерди карап турсаң кыялында укмуш бир бийчи, бирок реалдуулукта такыр жарашыгы жок бир кыймылдарды жасоодо. Так ошол сыңары адам оюнда кайсыл бир нерселер жөнүндө таттуу кыялданып алат да, ошого жетүүгө, ошону реалдаштырууга аракет кылат. Мунун жакшы жагы, жан үрөп иштейт, окуйт, аракеттенет ж.б. А жаман жагы — зөөкүрлүк, уурулук, алдамчылык ж.б. иштерди да кылган учурлар болот. Кыялына ашкере берилип, анан кыялы менен чыныгы жашоосу туура келбей калгандар өтө чоң кайгыга туш болушат, маанайы чөгүп, депрессияга киришет. Кыскасы, кыял менен реалдуулуктун ар бирин өз алдынча таанып ал. Кыялыңдагыны реалдаштыруунун таза, адал жолун танда.
Маектешкен
Махабат Саидрахманова
№43 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-июну