"Эркин-Тоо"

Улуттук Онкология борборунун жетекчиси кызматынан алынды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук Онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматынан алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп орун басары дайындалды. Бактыгүл Султангазиева  аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келген