Кайсы улут болбосун өзүнүн каада-салты, үрп-адаты менен эле эмес өз элине тиешелүү болгон улуттук оюндары, ыр, күүлөрү, (музыкасы) санжыра, жомоктору менен айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп күрөш, ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, уюм тууду, селкинчек, топ таш сыяктуу дагы бир топ оюндар, андан сырткары эр эңиш, улак тартыш, (көк бөрү) кыз куумай, тыйын эңмей, жамбы атмай өңдүү бир катар ат үстүндөгу оюндар, дагы Алтын шакек, орто топ, ак терек-көк терек деген басып же чуркап жүрүп ойногон абдан көп оюндары бар. Кыргыз эли өз жашоо тарыхында татаал жолдорду басып өткөн себептүү, улуттук оюндарынын жалпы мүнөзү да эли жерин, мал-жанын күтүүсүз келген жоодон, табийгаттын катаал кырсыктарынан коргоп калууга ык алып жаралган сыяктуу сезилет. Ошону менен бирге эл биримдигин, үрп-адатын,каада- салтын, кылымдар бою түзүлгөн маданиятын көөнөртпөй сактап, урпактарына өткөрүп берип келе жатканын байкоого болот.
Кыргыз элинин кылымдарды карыткан не бир ажайып ыр, күүлөрү, элдик кол өнөрчүлүктүн түмөн түрү, макал ылакаптары, жомокторы, санжыралары, Манас баш болгон залкар эпосорунун баары тилден дилге өткөрө билген улуттун улуулугу, эс акылдын, туюм сезимдин, тубаса интелекттин бийиктиги, улутубузга Жараткан тарабынан берилген кудуреттин күчү менен ушул күнгө чейин сакталып келди. Шамал менен жарышып, чагылганды туу кылып кармап алып ат жалында эркин ойноп, табиятынан көчмөн, жоокер элдин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык сандаган кыймылдуу оюндарды ата-бабаларыбыз ойлоп таап, урпактарына калтырып кеткен. Ал оюндардын дээрлик баары азыркы биз жашап жаткан мезгилге чейин жетип, кээ бирлери эл аралык спорттун катарына расмий киргенин да билебиз.
Кыргыз элинин улуттук оюндарда, ыр, күүлөрүндө, санжыра жомокторунда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндикке, теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ыр, күүлөрүбүз менен улуттук оюндарыбыздан элдик педагогиканын мыкты үлгүлөрүн, улуттун тереңдиги менен бийиктигин камтыган ааламдык масштабдагы философиялык көз караштарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү көрүүгө болот. Эл тагдырына көмөктөш оюн-зооктор, ыр-күүлөр, адамзат жашаган коомдун бардык мезгилдеринде өмүр сүрүп, доорлордун өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө, талабына жараша жаңыланып алымча-кошумчаланып, ар кандай сапаттарга, түрлөргө өтүп түбөлүктүү жашоосун уланта берери талашсыз. Адам баласынын коом турмушуна катышуусунун деңгээлин жогорулатуу, биринчи кезекте физикалык жактан адамдарды активдүү коомдук турмушка жетелөө, руханий маданиятын өнүктүрүү үчүн коомдун бардык мүчөлөрүнө бирдей шарт түзгөн.
Эл канчалык көчмөн өмүр сүрүп, бат-бат журт которуп турганына карабай уюткулуу элдин башынан өткөргөн тарыхтын издерин унутулгус кылып, ыр күүлөрундө, санжыра, жомокторунда, ыр күүлөрундө, улуттук оюн-зоокторунда, кол өнөрчүлүктөрүндө сактап, келечек урпактарга белек катары өткөруп берип келген. Ата-бабаларыбыз ар бир оюн-зоокту өткөргөндө ага катыша турган оюнчулардын жаш курактарын, даярдыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, жынысын, оюнда колдонулуучу аспаптарды, оюн өткөрүлүүчү жайларды эсепке албай койгон эмес. Тектеш элдердин ой-тилеги, өнүгүүгө карай умтулуусу, үмүтү, жашоо образы окшош болгондуктан кээ бир оюндардын аталышы, аткарышы башка калктын оюндарына окшош болуп калышы да табигый көрүнуш. Айрым учурларда Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттердин улуттук оюндарынын арасынан да биздин Кыргыз элинин улуттук оюндарына окшош оюндарды, музыкалык аспаптарды, кол өнөрчүлүктөрдү, ыр-күүлөрдү кезиктүрүү толук мүмкүн.
Махабат САИДРАХМАНОВА
№24 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 29-марты