Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде белгилүү скульптор жана сүрөтчү Бообек Арыковдун «Өзөккө кайтуу» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат.
Иш-чара 30-октябрда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде башталат. Көргөзмө 16-ноябрга чейин уланат. Анда автор улуттук тамыр, тарых жана руханий мурас темасындагы чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулайт.
Бообек Арыков — Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов жана Абай Кунанбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал монументалдык скульптура жана живопись тармагында көп жылдардан бери бери эмгектенип келет.
 
		 
		 
		


