"Эркин-Тоо"
Адабият Жаңылыктар Маданият

Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият министрлигинин колдоосу менен Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгынын алкагында «Кыргыз элинин көрөнөрлүк мурастары» аттуу көргөзмөнүн жана эки китептин бет ачары өттү.

Музейдин жетекчиси профессор Жылдыз Бакашова иш-чараны ачып берип, музей тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге, мекемелерге жана эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков музейдин китепке кирген ар доорду сүрөттөгөн экспонаттары уникалдуу жана баа жеткис маданий байлык экенин белгиледи. Ал экспонаттар эл аралык мейкиндикте да таанылууга тийиштигин кошумчалады жана музей кызматкерлерине чыгармачылык ийгилик каалады.

Көргөзмөдө жана китеп бет ачарында Британ музейи менен биргеликте Лондондо жарык көргөн «Silk Roads» китеби, ошондой эле Сеул шаарында Ханбит маданият институту менен биргеликте басылган «Кыргыз элинин көөнөргүс мурастары» китеби тааныштырылды.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн, Улуу Британиянын жана Түштүк Кореянын музей жетекчилери, окумуштуулар, маданият жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү маданий ишмерлер катышты. ЮНЕСКОнун Россия комитетинин төрайымы Анастасия Паршакова жана «Silk Roads» журналынын редактору Марат Ахмеджанов китептердин дүйнөлүк маанисин белгилеп өтүштү.