Элибизде уюткулуу мурасы бар улуу инсандар, артында өчпөс из калтырган өнөр ээлери журтка эмгеги менен таанылып, тарыхтын барагында, элдин жүрөгүндө ар дайым жашап келет. Биз бүгүн дал ошол талант ээлеринин көч башында турган, кыргыздын биринчи жазма акыны, агартуучу, манасчы Тоголок Молдо жана анын тарыхый мурастары тууралуу кеп кылмакчыбыз.
Мүдүнова Нуржамиля үй-бүлөсү менен
Акындын кызы Сапия эне Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулуп, ал жерде азыркы кезде эненин чөбөрөлөрү жашап жаткан учуру. Сапия эненин келини Мүдүнова Нуржамиля апа Тоголок Молдо атабызды эскерип, акын тууралуу буларга токтолду:
“Тоголок Молдо атабыз биздин чоң атабыздын атасы менен бир тууган болгон. Байымбет атабыздын апасы Коңур апа жомокчу, кошокчу, жамакчы, көрөгөч адам болуп, ал адамдын касиети атабызга өтүптүр. Кичинесинен жамакташтырып ыр ырдап, бай манаптарды сындаганы үчүн кодулоого туш болгон экен. Бала кезинен жетим калып, жер которуп, бир туугандары менен бирге таякелериникине кетүүгө туура келет. Жаш чагынан зээндүү бала Чүй өрөөнүндө М.В.Фрунзенин атасына жардам берип жүрүп, балдарды эмдегенди үйрөнүп алат. Атабыз агартуучу да болгонун айта кетпесем болбос. Ошол кезде балдарды медреседе окутуп, алардын билим алуусуна шарт түзүп берген экен.
Байымбет атабыз Рапия деген кыздуу жана Жаныш, Байыш аттуу эгиз уулдуу болуптур. Кызы бой тартып, эгиз уулдары чуркап ойноп калган кезде каза болуп калышкан. Ошондон кийин атабыздын бир тууганы өзүнүн кызы Сапияны бала кылып ал деп берген экен. Атабыздын мүнөзү өтө жумшак, мээримдүү жана боорукер адам болгон, өзгөчө жетим-жесирлерге көп каралашчу деп Сапия энебизден көп угуп калчубуз. Андан сырткары Манас, Семетей, Сейтек эпосторун кагаз бетине түшүргөн. Тайлак баатырды жазарда Куртка айылынан бир адамды алып келип (ал адам Тайлак баатырдын жигиттеринин же кошо жүргөн адамдарынын бири болчу), андан окуяларды сурап олтуруп күнү-түнү кагазга түшүрүп чыккан деп калчу энебиз. Өлүм алдында жатканда мени ушул дөбөгө койгула деген экен. (Тоголок Молдонун азыркы дөбөдө турган күмбөзү). Атабыздын күмбөзү 1990-жылы 130 жылдык мааракесине карата оңдолуп-түзөлгөн, бирок жашаган үйү менен медресеси каралбай калды”.
Улуу акындын өз колу менен салган үйү, балдарды окутуу үчүн тургузган медресеси жана күмбөзү өтө начар абалда экендигин жакындан көрүп билгендер эч тана албайт. Баарынын жаңыланууга муктаж болуп турган чагы. Бул көйгөй өз олуттуулугун жоготуп, көп учурда көз жаздымда калып жаткандагын эскерткен, абалын оңдоп, сактап калалы деген чакырыктарды таштаган активисттер жок эмес. Алардын бири Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасында элге мындайча кайрылуу жасаган:
“Тоголок Молдо атабыз учурунда өзүнө үй-салуу менен бирге үйүнүн жанына медресе салдырып, балдардын билим алуусуна, кат-сабаттын жоюлуусуна шарт түзүптүр. Тилекке каршы ошол эски мечит, медресе жана акындын үйү кароосуз калып, дубалдары гана сакталып турганы кабырганы кайыштырды.
“Манас” эпосунан баштап, балдар адабиятына чейин, “Жаңыл Мырза” баштаган көлөмдүү эпостордон тартып, тамсилдерди жазган акын, манасчы, дастанчы, санжырачы, жазуучу, алгачкы педагог, деги койчу ар тараптуу өнөрдү аркалаган улуу Тоголок Молдо атабызга биздин азыркы кылган мамилебиз эч эле коошпой турат.
Тарыхый эстеликтерибизге кам көрсөк, мекенибиздин байлыгы, көркү катары көптөгөн туристтердин, тарыхчы, археологдордун келүүсүнө өбөлгө түзмөк. Жаштарыбыз дагы тарыхыбызды китептен гана окуп тим болбостон, тарыхый эстеликтерди жандуу, өз көзү менен көрүп, таасир алуу менен бирге тарыхка, маданиятка болгон кызыгуулары артат. Келгиле, кадырлуу мекендештер жогоруда сөз кылган Тоголок Молдо атабыздыкындай кароосуз калган тарыхый эстеликтердин жоголуп кетүүсүн алдын алып, кам көрүп, келерки муунга мурас катары татыктуу өткөрүп берели!”
Эмне үчүн азыркыга чейин бул тарыхый баалуулуктарды оңдоп-түзөтүү аракеттери ишке ашпай, майнап чыкпай келет деген сурообузга Тоголок Молдо айылынын тургуну Максатбек Сарбагышов:
“Тоголок Молдо атабыздын күмбөзүн жана медресесин оңдоп-түзөө иштерин колго алуу боюнча жеке тараптардан сунуштар, пикирлер түштү. Алар ишти өз каражаты менен бүтүрүп, туристтерди тартуу үчүн чоң комплекс кылуу мүдөөлөрүн айтышты. Бирок, алар жерди жеке менчикке алууну сунуштагандыктан, Тоголок Молдо атабыздын туугандары жана айыл эли мындай сунушту колдошкон жок. Мамлекеттин карамагында калуусун туура көрдүк. 2020-жылы залкар атабыздын 160 жылдыгын белгилеп, үйү менен мечитин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, мурунку калыбына келтирип, музей кылалы деген чоң пландарыбыз бар эле. Тилекке каршы, пандемияга туш келип, ошол бойдон оңдолбой калды.”,- деп жооп айтты.