"Эркин-Тоо"

Улуу Британияда COVID-19 пандемиясына байланышкан чектөөлөр алына баштайт

Кийинки аптадан баштап Улуу Британияда COVID-19 пандемиясына байланышкан чектөөлөр алына баштайт. Бул тууралуу маалыматты премьер-министр Борис Жонсон парламентте билдирди.

Анын айтымында, жарандардан эми COVID-сертификат талап кылынбайт жана аралыктан иштөө ошондой эле коомдук жайларда бет кап тагынуу милдеттендирилбейт.

Борис Жонсон мунун себебин ооруканаларга кайрылган адамдардын саны кыйла азайып баратканы менен түшүндүргөн.

Расмий маалыматка ылайык, коронавирус илдетин жугузгандардын саны боюнча жогорку көрсөткүч өлкөдө 3 — январда катталып, анда 218 миң адамдан вирус аныкталган болсо,  17-январда  74 миң бейтаптан илдет тастыкталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!