
Атактуу Сарт Аке Доскулу уулу: “Түптүү элде нарк-нуска, салт, үрп-адат, адеп-ыйбаа туруктуу. Муну тутунбаган адам нарксыз, нускасыз. Мындай адам элжурттан ажырайт. Эл-журттан ажырабас үчүн ар бир адам ата мурастарынын, салттын, нарк-нусканын, үрп-адаттын алдында милдеттүү. Бул ыйык түшүнүктөрдү жан дүйнөгө сиңирүү, дилинде баалап ыйык сактоо – жоопкерчиликтин жоопкерчилиги” — деген нуска сөзү муундардын боюна сиңип, алардын дилинде бүгүнкү күндө да ыйык сакталып келет.
Кыргыз элинин санжыргалуу көп кылымдык тарыхында рухий-адептик ыйман-дөөлөттөрү алмустакта тиричилик, салт-санаа, адептик салтка ээ болгон эрежелери тээ мурда эле кошо жашап, муундан-муунга өтүп, көөнөрбөс дөөлөткө айлангандыгы турмуш чындыгы болчу. Тээ эзелтеден калган руханий мурас жан дүйнөнүн жашоосунда терең сиңип, эң жогорку рух дөөлөтүбүз болгон касиеттүү “Манас” эпопеясы элдин тарбия-таалимине абалтан таасир этип, жашап келиши – бул рух дүйнөсүнүн күчү экендиги талашсыз. Ааламдашуу мезгилинде калк арасында алака-катыш кеңейип, түрдүү элдердин маданият, жүрүм-турум, адеп-ахлак, нарк-насаат, ыйман-нарк дөөлөттөрү аралашып, эскини жерип, атабабалардан уланып келе жаткан ыйман, адеп-ахлак сыяктуу көөнөрбөгөн, эскирбеген ыйык дөөлөттүү мезгил өткөн сайын кедеринен кетип бара жатат. Өзгөчө коомубуздун негизги кыймылдаткыч күчү болгон жаштар салт-санааны үстүртөн билип, туура эмес колдонуп, башка өлкөлөрдүн маданиятына оошуп бара жатат. Кыргыз элинин салттуу адеп-ахлак маданиятын жаратыпжайылтып, терең иликтөөгө алып, ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаа ж.б. нарктуу кыйчалыш турмуштун кыйшыгын түздөп, атпай журтка белгилүү каада-салттарыбызды улуулар кичүү муунга жеткирип берүү милдет экендиги – бул турмуш чындыгы.
Өткөн-кеткен кемчиликти эске алуу менен турмуш тиричиликте колдонулбай, унутулуп бара жаткан акыйкат ишти колго алып, Президентибиз Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жумурай журтка ЖМК аркылуу тааныштырып, каада-салт, нарк, адепахлак маселелеринин түпкү маанисин терең баамдап, турмуш, учур талап кылган чоң маселени көтөрө билгендиги кыргыз элинин келечеги кең экендигин айгинелеп койгонсуду. Эл муну көптөн күтүп, самап келген эле. Доорубуздун улуу жазуучусу, феномен Чыңгыз Айтматов «Адамдын адамдыгы – анын ыйманында», “Адам уулу канткенде адам болот”, “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп айткандай турмуш философиясы жык толгон залкар ой мурастарын турмушка ашырып, жетекчиликке алышыбыз керек. Учурда ата салтыбыздагы адам наркына, каада-салтына болгон терең ишенимди кайра калыбына келтирип, турмуш-тиричиликке киргизип, тиешелүү жерде колдоно билүү, келечек муундарга үйрөтүү боюнча кечиктирилгис чара көрүү максатында рухий-педагогикалык дөөлөттөрдү жаратуу жана жайылтуу керек. Бул учурдун талабы, жарлыкты ийгиликтүү турмушка ашыруунун кечиктирилгис жолу. Мүчөл жашты белгилөө, келинди отко киргизүү, жүгүндүрүү, баланы бешикке салуу, жакшы бата берүү өңдүү салтсанаалар элдик педагогика аркылуу ийгиликтүү чечилүүгө болор беле… Чындыгында кыргыз эли каадасалтка бай. Турмуш-тиричиликте беш жүзгө жакын каада-салтты пайдаланып, алар ооз эки чыгармаларда, эпостордо, санжыраларда кезиккен. Ынтымак-ырашкерликти жогору коюп, алмуздакта пайда болгон ырым-жырым, каада-салтты сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз милдет.
Президентибиз С.Жапаров өзүнүн даанышмандыгын көрсөтүп, унутта калып бара жаткан жүздөгөн каада-салт, нарктарды улуу дөөлөт катары эсептеп, турмуштиричиликте терең колдонуп, келечек муунга, урпактарга толук бойдон өткөрүп берүү улуу миссия экендигин сезип, туюп тургандыгы зор жетишкендик.
“Баары жалган, өлүм ак” дегендей көзү өтүп, акка моюн сунган кишиге көз көрсөтүү парз. Мына ушул жагдайда айрым мүчүлүштүктөр, атап айтканда маркумду жоктоодо кайдыгерлик байкалып жүрөт. Мурда адамдын өмүрүн өтөгөнү, кылган кызматы, эмгеги, сый-ургаалы жөнүндө кошокто белгиленип келген. Маркумдун жашап өткөн өмүрүн бир нече сап кошок менен жумурай-журтка даңазалап, кайрадан тирилтип алгандай аза күтүүнүн салт-санаасы кошоктордо элге даңаза болоор беле?
Кары-жашына (ылайым жаштын өлүмүн бербесин) ылайыкташкан кошок кулактан кирип бойду алып, көз жаш төгүлүп, “тирилтип койбодуңбу” деп карылар шыпшына, бөлбүрөгөн кең жеңи менен көз жашын аарчып, эчкирип турганы эстен кетпейт. Бардыгынан өкүнүчтүүсү, маркумдун жакындарына угузууда сөздү терип айта албай, кабарды орой жеткирип, оор ахыбалга алып келген учур кездешпей койбойт.
Улуттук нарк-насилди дит коюп улуулардан угуу, “Каныбек”, “Көчмөндөр кагылышы”, “Кел-кел” китептери, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары, кыргыздын улуттук руху, байрагы, толтура нарк насилдин, адеп ыйман маселелеринин казынасы – “Манас” эпопеясы жардамга келээр беле… Тилекке каршы азыркы муундар телефонду кулакка тосуп, компьютерден таап алабыз дегени жосунсуз жаман жорук. Жаштардын китеп окубагандыгы, жан дүйнөсү жардыланып, ой жүгүртүүсү тар болуп, жаңылыктар менен таанышпагандыгы учурдун орчундуу өкүнүчү бойдон кала берери чындык. Бардыгынан өкүнүчтүүсү көчөдөн кезиккен адамдардын, жаштардын, мектеп окуучуларынын журналист тарабынан берилген суроолорго жооп бере албай тургандыгын көрүп, билим деңгээлинин өтө төмөндүгү кыжаалат кылат.
Кыргыз мамлекети өсүп-өнгөн куттуу мамлекет болот деген аруу тилек ишке ашып, нарк-насилинин кереметтүү кудуретин көкүрөгүндө туюп-сезип, натыйжада турмушубузда унутта калган көөнө ырымжырым, асыл нарк-насил, адепахлак маселелери эл жүрөгүнөн орун алып, келечек урпактар баалап, улуттук нарк багытындагы эмгектерди терең үйрөнүп, турмушка ашырууга аракет көрүүлөрү учурдун талабы бойдон кала бермекчи.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Айна ОСМОНОВА, КРнын эмгек сиңирген мугалими

