"Эркин-Тоо"

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» аталышында Улуттук холдинг негизделди

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен Кыргызстанда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындай  чечим президенттин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасын» түзүүнүн негизги максаты, эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» коомунун түзүүчүсү катары Каржы министрлиги белгиленди.

Ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. 2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКын уставдык капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго чейин жеткирилмекчи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!