Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү айтканга оңой болгону менен түйшүгү көп, жүгү оор болгон бул аралыкта өтө чоң иштер аткарылып, буга чейин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетиштик. Мунун баары Садыр Жапаровдун иш билги көсөмдүгү, тыным албаган эмгекчилдиги, караңгыда жол тапкан кыраакылыгы, маселе чечүүдөгү эрктүүлүгү менен ишке ашты десек жаңылышпайбыз. Жасалган аракеттин баары Садыр Жапаровдун эл үчүн күйүп-бышкан чыныгы лидер экенин тастыктады.
Албетте, Садыр Жапаров элдик лидер катары калыптанганга чейин түмөн түйшүктүү, өмүрдү тобокелге салган татаал жолдорду басты. Өзүнүн бейпил жашоосун кечип, калк үчүн кара башын канжыгага байлаган саясий сапарында далай кагылып-согулду. Саясаттын ысык-суугун көрүп, адам чыдагыс азаптарын дагы тартты. Биз ошол учурлардан учкай сөз кылалы.
Эмгек жолун дыйканчылык жаатында баштаган Садыр Жапаров саясаттагы кадамын 2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу менен таштаган. Шайлоого аттанышына ошол кездеги Акаевдин бийлиги катуу каршылык көрсөтүп, колунан келишинче бут тосуп, Жапаровдун талапкерлигин тизмеден чыгарып салышкан. Буга нааразы болгон жергиликтүү эл Түп-Кеген жолун тосуп, ири акция баштаганы бүгүн күнгө чейин элдин эсинде. Тарапташтарынын күчү менен Жапаров кайра талапкер болуп катталып, жалпы журттун колдоосу менен эл өкүлү болуп шайланган.
Депутаттык ишмердигинде Садыр Нургожоевич татаал жолдорду басты. 2007-жылдагы саясий кризистен улам Парламенттин үчүнчү чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таркатылып, ага байланыштуу депутаттыктан четтеди. 2008–2010-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеп, бир топ тажрыйба топтогон. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Ата Журт” партиясынын катарынан аттанып, бийлик тарабынан жасалган чоң тоскоолдуктарга карабай, биринчи орун менен мандатты камсыздаганга жетишип, 2013-жылга чейин үзүрлүү иштеди. Так ушул жылдары Жапаров масштабдуу түрдө элдин көйгөйүн көтөрүп, анын арасында “Кумтөр” маселесине жигердүү киришкенин билебиз. Эл аралык мафиялык топ менен биригип алып Кыргызстандын байлыгын тоногон Атамбаевдин бийлиги менен айыгышкан түрдө күрөшүп, алардын чыныгы жүзүн ачканы калган маалда саясий куугунтукка кабылды. «Кумтөрдү» кайтаруу акциясына чыккан кезде бийлик чагымчылдык менен тузакка илип, жалган жалаа менен депутаттык мандатынан ажырады.
Сөздүн ток этээрине келсек, Садыр Нургожоевич Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясын жетектеп, 2012-жылы “Кумтөрдү” текшере баштаганда бийликтин душманына айланды. Эл байлыгын тоноп жаткандар “комиссияны сатып алып, оозун жабабыз” деген планы аткарылбай калганда “сындыруу” ишине өттү. Баарыбыз билгендей, “Кумтөрдү” жегендер буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын баарын сатып алып көнүшкөн. Бирок, Жапаров “Кумтөрдөгү” катастрофаны көргөндөн кийин элдин, жердин кызыкчылыгы үчүн кара башын канжыгага байлап, келечек муун үчүн экологияны таза сактап калуу маселесин койгон. Фактылар менен “Кумтөрдүн” калдык сактоочу жайында 100 миллион тонна цианид жатканын тайманбай айтып чыгып, дамбасы мөңгүдөн турган Петров көлүнө химикаттар топтолуп, музу эрип жарылганы калганын, эгер ал жарылып кетсе миңдеген тонна суу түптүз келип калдык сактоочу жайды бузуп өтүп, уулуу затты Нарын дарыясына куярын, натыйжада бүт Орто Азия экологиялык катастрофага кабыларын коомчулукка жарыялаган. Ошол күндөн тартып бүт үй-бүлөсүнө чабуул башталды.
Садыр Жапаровду “сындыруу” үчүн бир тууган агасы Сабыр Жапаровду иштен кетиришип, кылмыш ишин козгошуп, “Жыргалаң” шахтасын тартып алган. Агасынан илинчек табалбай калганда аргасыз ишти жабышып, бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага жармашат да, «Ысык-Көл инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алган деген оор айыпты коюшкан. Кастарын тиккен Атамбаевдин бийлиги көпкө созбой Райкүл Жапарованы 10 жылга эркинен ажыратышып, мүлкүн конфискациялап тынышты. Кийин балдары да сот жообуна тартылды. Айтор, Атамбаев атасынын өчү бардай Жапаровду үй-бүлөсү менен басмырлап, “Кумтөр” маселесин көтөргөнү үчүн куугунтукка алды. Ниети бузуктар ал көйгөйдү эч ким көтөрбөй тургандай кылып басты.
2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча митинг өтүп, анын аягы ызы-чуу менен бүткөнүнө күбө болдук. Аталган окуя Жапаровдон кантип кутулуунун айласын таппай турган бийликтин чырагына май тамызып, мыйыгынан жылмайтты. Шылтоо таппай турган эргулдар дароо нааразычылык акциясынын катышуучулары ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алды деген кине коюшат да, аларга Садыр Жапаровду байлап, кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча жасалма айып тагышты. Ошентип, УКМКнын укуругу менен саясатчыны өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылат. Бул саясатчыны сындыруунун дагы бир ыкмасы эле. Бирок, Садыр Жапаровдун мизин мокото албады. Элдин тынымсыз суранычы менен 2017-жылдын 25-мартында өз жерине аттанып, бийликтин катуу шаштысын кетирди. Кылмыштын бети ачылып калышынан корккон Атамбаев чегарадан колу-бутун бурап карматып, УКМКга топтолгон тарапташтарын күч менен таратты.
Түрмөгө киргизгенден кийин бийлик Жапаровду сындыруунун башка ыкмаларын колдонуп, бычак менен колу-бутун, мойнун кескилетти. Садырдын эс-учун билбей кан жалап жаткан сүрөттөрү тараганда бүт коомчулуктун үрөйү учуп, Атамбаевге наалат айтышкан. Чындыгында эле айыпсыз адамга азап чектирип, бийлик тарабынан өтө ыплас адилетсиздик орун алган эле. Кийин соттук териштирүүдө дагы ал акыйкатсыздык уланды. Эң башкы доогер, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдиргенине карабай, козголгон иштин негизинде 11 жыл 6 айга эркинен ажыратып, орго тыгышты. Абакта жаткан аралыкта үч жакын адамынан айрылды. 2017-жылдын сентябрында атасы Мустали уулу Нургожо көз жумду. 2019-жылдын март айында апасы Кадича Жапарова каза болду. 2019-жылдын августунда уулу Дастан Садыр уулу кырсыктын айынан көз жумду.
Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебин айта кетпесек болбос. Ал көбүнүн түн уйкусун бузду. Мамилемди бузуп алам деп тайсалдабай жазганы чыныгы эрдик десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин мындай чындыкты айтыш биринин да колунан келе элек. Көптөгөн саясатчынын чыныгы жүзүн ачып берди. Албетте, “туура сүйлөгөн тууганга жакпайт” дегендей, далайынын куйкасы курушту, азыркыга чейин айрымдарынын ичинде ит өлүп жүрөт. Бирок, бири дагы жообун бергенге жарабады. Айтор, ал китепте 2005-жылдан берки өлкөдөгү негизги саясий окуялар, бийликтеги адамдардын жана оппозициянын иш-аракети ырааттуу баяндалып, Аскар Акаевдин качышы, андан кийин Курманбек Бакиевдин келиши, Феликс Кулов менен тандеми, өзү кантип Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп калганы, Каркыра жайлоосунун казактарга кетиши жана оппозициянын нааразылык акциялары кеңири айтылган. Баса, Апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу бийлик Кадыржан Батыров менен саясий соодалашууга баргандыктан, анын арты июнь коогасы менен бүттү деген тыянак чыгарган.
Китебиндеги жыйынтык сөзүндө Садыр Жапаров: “Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Улуу максат бирөө гана – Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз” деп жазган. Бул жерде эли-жерине карата чоң сый-урматты көрсөк болот. Айтылгандай эле Садыр Жапаров кыргыз журтуна чын дилинен күйөрүн турмуш чындыгында тастыктады. Эгер кара башын ойлогон саясатчынын бири болгондо “Кумтөр” сунуштаган 100 млн долларды кымырып, чардап жашай бермек. Үй-бүлөсү да жапа чекмек эмес. Бирок, Садыр Жапаров татаал экенине карабай “Кумтөрдү” тоноп жаткандарга каршы чыгып, элдин келечегин тандады. Туугандары менен куугунтук жеди, качып-бозду, камалды, сабалды, кескиленди, бирок сынган жок.
2020-жылы 4-октябрдагы адилетсиз өткөн парламенттик шайлоодогу элдик толкундоодо Садыр Жапаров бошотулуп, бийликке келди. Башында сындагандар көп болду, бирок ал чыйралтты. “Чү” дегенде эле жаңы Конституцияны кабыл алдырып, башкаруу системасын түп орду менен өзгөрткөнгө жетишти. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге адилет, таза шайлоолорду өткөрүп, жалпы коомго ишеним жаратты. Эч кимибиз жокко чыгара албайбыз, ошол кезде Кыргызстандын экономикасы талкаланып, айлык-маяналарды чет элден алынган кредиттер менен төлөп калган кез болчу. Карызды төлөгөнгө акча таппай, кен байлыктарды карматканы турушкан. Эң өкүнүчтүүсү, мамлекет коррупциянын сазына батып, бийликти жалаң жемкорлор каптап калган эле. Кылмышкерлер өзүнчө империя түзүп, өздөрүнүн системасын орнотуп алганы кадимки көрүнүшкө айланып калган. Биз андан жүздөгөн жылдарга чейин кутулбачудай эле сезилчү. Арийне, Садыр Жапаров өзү алган жоопкерчилик менен чукул аралыкта бардыгын оң жолго салды. Мамлекеттин сырткы келбетин гана эмес, башкаруунун философиясын өзгөрттү. “Эки тизгин, бир чылбырды колго алган” учурдагы жасаган кадамдары менен чыныгы лидер экенин көрсөттү.
Зулпукаар Сапанов