"Эркин-Тоо"
Адабият Жаңылыктар Маданият

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасма тартылат

Маданият министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жөнүндө биографиялык көркөм тасма тартылат.

Фильм Чыңгыз Айтматовдун бала чагынан баштап, дүйнөлүк адабият аренасына таанылганга чейинки турмуш жолун баяндап, чыгармачылыгындагы негизги учурларды камтыйт.

Долбоорду жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов ишке ашырат. Ал бул максатта жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен келишим түзгөн.

Каныбек Калматов — дүйнөлүк таанымал ВГИК киноинститутунун бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасманын башкы оператору катары таанылган.

Режиссёрдун айтымында, бул фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап гана тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган.

Жаңы фильмдин 2026-жылы көрсөтүлөрү мерчемделүүдө.