"Эркин-Тоо"

«Унаа» мамлекеттик мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду.

Мекемеден билдиришкендей, колдонулган жана жокко чыгарылган номерлерди металл катары сатуу боюнча ачык тендер жарыяланды. Аукцион 20-июнда Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а дарегинде өткөрүлөт.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 12-июнга чейин мамлекеттик же расмий тилде эки нускада дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а, 3-кабатта 5-кабинетте кабыл алынат.

Арызга арыз ээсинин мөөрү (юридикалык жактар) менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

  1. Уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
  2. Уюмдун жетекчисин дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
  3. Өкүлгө ишеним кат;
  4. Кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция же төлөм тапшырмасы;
  5. Салык карызынын жоктугу жөнүндө салык кызматынан маалымкат.

Сынактын шарттары менен шилтемени басып кеңири тааныша аласыз.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!