15-марттан тарта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот.
Мекемеден билдиришкендей, аталган бөлүмдүн кеңсеси жайгкашкан Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегиндеги имарат реконструкцияга жабылган.
«Унаа» мекемеси Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 16-марттан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:
- Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан Аламүдүн бөлүмү;
- Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан Таш-Дөбө сектору;
- Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү.
Эскерте кетсек, 26-февралдан тарта Бишкек шаардык бөлүмү түшкү тыныгуусуз жети күндүк иш графигине өткөн.