Президент Садыр Жапаров элдин жүгүн жеңилдетүү жана экономиканы колдоо максатында маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык унаа салыгы жоюлуп, буга чейинки карыз болгондорго амнистия берилди. Ошондой эле дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды.
Өлкө жетекчиси Садыр Жапаров өзүнүн социалдык түйүндөгү билдирүүсүндө автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма бергенин айтты.
“Бул чечим “Жол фонду жөнүндө» мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады. 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим” деди.
Мамлекет башчысынын салык боюнча Жарлыкка кол коюшу өлкөдөгү салык системасын реформалоого жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды. Бул чечимдин артында жарандардын жүгүн жеңилдетүү, экономикага стимул берүү жана мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо сыяктуу бир нече негизги максаттар жатат. Биринчиси, автотранспортко болгон салык жоюлду. Мурда автотранспорт каражаттарына жылдык негизде салык төлөнүп келсе, эми бул милдет толугу менен жокко чыкты. Мунун ордуна күйүүчү майдын ар бир литринен бир сом алынат. Бул өзгөртүүнүн бир нече маанилүү артыкчылыгы бар. Маселен, айдоочулар үчүн салык төлөө процесси кыйла жеңилдеп, ар кандай кагаз иштерин азайтат. Ошондой эле, 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспорт салыгын төлөбөй жүргөндөр үчүн карыздар кечирилди. Мындан сырткары, 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин салыктары боюнча болгон карыздар кечирилди. Бул чечимдин мааниси өтө чоң. Мамлекет жарандарга жана бизнеске жардам берүүдө жана аларга жаңыча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүүдө даяр экенин көрсөтүүдө. Коомдогу ишенимди жогорулатат. Ага катар экономиканын активдешишине стимул берет. Бизнеске мурдагы карыздарын жоюп, жаңыдан өнүгүү мүмкүнчүлүгү жаралды.
Коомчулукта транспортторго мүлк салыгын жоюу боюнча Президенттин Жарлыгы кеңири талкууланып, бардык жагынан караганда туура, калыс чечим болду деген пикирлер басымдуулук кылууда. Анткени, буга чейин транспорт салыгы автоунаалардын жүргөнүнө, абаны булгаганына жараша төлөнчү эмес. Жер-жерлерде бузук, жүрбөгөн автоунааларга да транспорт салыгын төлөтүшчү. Мындан ары ар бир автоунаа жүргөнүнө, абаны булгаганына, жолго күч келтиргенине жараша төлөй баштайт. Электр энергияны колдонгонуңа жараша акча төлөгөндөй эле автоунааңды айдаганыңа жараша төлөй баштайсың. Калыстык деген мына ушул жерде жатат. Мисалы, бир айда 50 литр күйүүчү май сарптап, унаа салыгына жыл сайын 2000 сом төлөп келгендер бар. Алар эми жылына 600 сом төлөп калат.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы январь-ноябрь айларында бюджетке унаа салыгынан 1 млрд 198 млн сом түшкөн. Анын 1 млрд 31 млн 201,4 миң сомун жарандар, 166 млн 911,5 миң сомун юридикалык жактар төлөгөн. Ал эми 2023-жылы унаа салыгынан 1 млрд 81 млн 268,6 миң сом түшкөн. Анын 960 млн 22,8 миң сому жарандардан, 131 млн 245,6 миң сому юридикалык жактардан чогулган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 1,2 млн тонна, күнүнө орточо 3 миң 288 тонна күйүүчү май керектелет. Ал 3 млн 288 миң литрди түзөт. Ошондо жаңы жыйым (ар бир литрден 1 сомдон) алына баштаса, мамлекетке күнүнө 3 млн 288 миң сомдон түшүп турат. Ал эми жылына 1 млрд 200 млн 120 миң сом түшөт. Ошол эле учурда Кыргызстанда күйүүчү майды керектөө жыл сайын көбөйүп жатканы айтылып, керектөө жылына 1,4 млн тоннага жетүүдө деген маалыматтар бар. Мындай учурда бюджетке кеминде 1 млрд 400 млн сом чогулат.
Экинчиси, дыйкандарга жеңилдиктер берилип, 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул кадам айыл чарба тармагын колдоо максатында жасалууда. 2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселеси чечилип, БСР, БДРлар толук курулуп бүтөт. Каналдар толук тазаланып, керектүү жерлерге жаңылары салынат. Мында суу маселеси чечилет. Тагыраагы, каналдарды тазалоо жана куруу, ирригация системаларын жакшыртуу аркылуу дыйкандардын суу көйгөйлөрүн чечүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле айыл чарбанын өнүгүшүнө өбөлгө болот. Дыйкандарды салыктан бошотуу аларга өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.
Президент өз кайрылуусунда салык өлкө үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Анткени, салык мамлекеттик бюджеттин башкы киреше булагы болуп саналат. Анын эсебинен мамлекет кармалып турат жана күчтүү болот. Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды. Салык төлөбөй жүрө берсек, кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө бул ар бир жарандын ыйык милдети.
Коомдук ишмер
Эмилбек Каптагаев:
— Тээ илгертеден жайыт акыны малдын башына төлөтүп «туяк акы» деп айтып келгенбиз. Ошого окшош эле “Жол фондусу” дагы жол пайдалануучулардан «дөңгөлөк акы» катары жыйналганы туура го дейм, дөңгөлөгү бар бардык унаалар (автоунаа, электрунаа, трактор, комбайн, мотоунаа ж.б.) атайын тариф менен төлөгөнү калыстык болмок деп ойлойм.
Ишкер Рысгүл Акимжанова:
— Автотранспортко болгон салыктын жокко чыгарылышы менен унаа ээлери үчүн түйшүк жеңилдейт. Баарынан да бюрократияны азайтат. Күйүүчү майга литрине 1 сомдон түз салык киргизүү – салыктын ачык жана адилеттүү алынышына алып келет. Анткени, унаасын аз колдонгондор үчүн салык жүгү жеңилдейт, күйүүчү майга жараша салык төлөө калыс болот. Айта кетерим, бизде салык төлөө системасы жолго коюла элек, ошондуктан амнистиялар “Салыкты төлөбөй эле койсок, кийин кечип коёт” деген ойго алып келиши мүмкүн. Бул узак мөөнөттө (келечекте) салыктык тартиптин начарлашына алып келет. Негизинен эл салыктан качпайт. Салык адилеттүү жана ачык иштетилсе, эл ушул салыктын баарын амнистия кылдырбай эле төлөйт.
Жарандык активист
Илгиз Шаменов:
— Балык чарбасын иштеткен ири фермер катары, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-январынан тартып айрым айыл чарба товарларына кошумча нарк салыгын албай, 0% кылып белгилеген чечимин толугу менен колдойм. Аларга инкубациялык жумурткалар (икра), балык тоюттары, тирүү бодо мал жана алардын эти, өсүмдүк майын жана тоюттарды өндүрүү үчүн 57 түрдөгү чийки заттар кирди. Бул чаралар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө максатында өз учурунда кабыл алынган эң мыкты элдик чечим болду.
Журналист Бакай Абдумалик:
— Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен автотранспорт салыгы толугу менен жоюлду. Аталган чечим “Жол фонду жөнүндө» мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынды. Килтейген «Джип» айдагандардын чөнтөгүн “кагат”. Өзүмдүн мисалымда түшүндүрүп берсем, мен 1 айда 4000 сом бензинге коротом. 12 айда 48000 сом. Бензиндин баасы 63 сом. Бир жылга 762 литр. Ошондо 762 литрге, 762 сом салык төлөйм. Буга чейин автоунаа салыгына 1200 сом төлөп келгем. Башкача айтканда, 438 сом үнөм болду.
Кылычбек Кудайбергенов