"Эркин-Тоо"

Унаа тыгынынын себептери изилденет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы жана райондук администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жол тыгындарын жоюу боюнча жыйын өткөнү маалым болду.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар аялдамаларды кеңейтүү, видеокөзөмөл аркылуу айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле көйгөйлүү аймактарды изилдөө боюнча комиссия түзүү маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле жол белгилерин, сызыктарды, жарыктандырууну жакшыртуу жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Жыйындын соңунда Бишкектеги көйгөйлүү аймактарды изилдөө боюнча комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Пример HTML-страницы