"Эркин-Тоо"

УНААНЫ КАТТООНУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТСО БОЛОТ

“Жебеген мантыга акча төлөгөнсүп”, короосунда жок, пайдаланбаган автоунаага салык төлөмөк болгондор көп. Мисалы, ал унааны ишеним кат аркылуу саткан же транспорт кырсыгына же жашына байланыштуу эксплуатацияга жатпаса деле мындай унаалар “Унаа” ишканасынын базасында катталып, салык салынышы жарандарга кыйынчылык жаратып келди.

Эми Салык кызматы жарандар унаасын мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө убактылуу токтотууга укуктуу экенин билдирди. Ал үчүн “Унаа” ишканасына унааны каттоону убактылуу токтотуу арызы менен кайрылып, паспортуңузду көрсөтүшүңүз керек экен. Мамлекеттик орган анын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндө күбөлүк берет. Автоунааны каттоо убактылуу токтотулган учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин, анын каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат базага киргизилерин билдирди Салык кызматынан.

№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!