Кыргызстанда автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча Ички иштер министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги биргелешип ишке ашырган пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор КР Президентинин администрациясынын демилгеси менен иштелип чыгып, «РСК Банк» ААК платформасында жүзөгө ашырылат.
Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат жана онлайн кайра каттоо «RSK 24» тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.
Эгерде айып пулу жок жана транспорт каражаты камакка алыбаган учурда, унааны онлайн сатууга мүмкүнчүлүк болот.