Ундун баасы кескин түрдө жогорулаган жок

Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.
Анын айтымында өлкөдө сентябрь айынан тарта ун 3 пайызга гана кымбаттаган. Ал эми Казакстанда болгон кырдаал ундун баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизген жок.
Ун таңкыстыгы азырынча Талас облусунда гана пайда болгон. “Чек арадагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекети аркылуу ун аткезчилик жол менен ташылып келгендиктен облустагы ишканалар банкрот болуп, жабылып калган. Таласта бир гана казакстандда өндүрүлгөн унду жана ун азыктарын керектеп келишкенин билесиздер. Аткезчиликтин жолдору тыйылгандан бери облуска сырттан ун жана ун азыктары келбей калып таңкыстык пайда болду. Ошондуктан, Ата-мекенжик ун өндүрүүчүлөр өндүрүштүк баада облуска жеткирүүчү транспорттук чыгымдарды кошумча төлөө менен ун азыктарын жөнөтүүгө даяр”, — деди ал.
Рустам Жунушов Кыргыз Республикасында ун чыгаруучу ишканалардын саны кыскарып, учурда 27 ишкана гана иштеп жатат,-деп билдирди. Алар бүгүнкү күндө дандын 90%ын сырттан – Россия менен Казакстандан алып келишет.
“Тегирмендердин токтоп, жабылышынан улам 2016-жылдан бери буудай айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарган. Буудай өстүргөн дыйкандар тоют үчүн дан эгиндерин арзан баада сатууга аргасыз болуп, чыгым акталбагандыктан башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүшкөн”, — дейт ал.
Республикада буудай аянттарынын кыскарышы таңкыстык пайда кылып, баалар көтөрүлө баштаган. Мындай акыбалдын түзүлүшүнөн улам Министрлер Кабинети былтыр кайра иштетүүчүлөр үчүн бир жылга кошумча нарк салыгын жоюу боюнча токтомун кабыл алган. Бирок ишкерлер ун өндүрүүчү ишканаларды толук калыбына келтирүү үчүн кеминде үч жыл керек деп эсептешет. Ошол учурда гана ундун жана ун азыктарынын баасын калыбында кармап турууга болот.
Ушул күндө өлкөнүн ун комбинаттарында элди 1,5-2 айга камсыздай турган ун жана дандын кору бар. Андыктан ун таңкыстыгы жаралбайт,-деп Рустам Жунушов кепилдик берди.

Жазгүл Кенжетаева

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст